Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин жакындарына батир бир жылдан кийин берилди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 5-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаевге жана эжеси Инаят Жээналиеваны кабыл алып, үйдүн ачкычын тапшырган. Бирок аталган батир бир жыл мурун эле убадаланган болчу. Президенттин басма сөз кызматы батир «мэриянын айрым кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен кечигип берилгенин» билдиришти.

Президент менен жолугушуудан соң Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 19 жашында курман болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.

Октябрь окуясы

2020-жылдын 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапташтары митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингине чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилер үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатылган. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди кайтарып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт коюшкан. Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жарааттарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Алтынбек уулунун сөөгү 2020-жылдын 8-октябрында Баткен облусунун Лейлек районунда жерге берилген.

Дагы окуңуз: Жалгыз уул болчу. Бишкектеги баш аламандыкта каза болгон жигиттин сөөгү жерге берилди