Айбек Осмонов шайлоого Ош шаардык округдан катышуу үчүн арыз берди

Айбек Осмонов

Депутат Айбек Осмонов парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. Ал талапкерлигин №7 Ош шаардык округунан көрсөттү.

Жалпысынан 6-октябрга карата шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 108ге жетти. Анын ичинде Осмоновдон сырткары шайлоого катышууну каалаган учурдагы депутаттар, мамкызматкерлер да бар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Осмонов жана ал негиздеген партиялар

Айбек Осмонов парламентке үстүбүздөгү жылдын 15-мартында келген. Ал негиздеген «Биздин Кыргызстан» партиясы Ош шаардык кеңешке өткөн кайра шайлоодо 15 мандат алган.

Мындан сырткары, Айбек Осмонов өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо 24 пайыздан ашуун добушка ээ болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген.

Бирок бул партия шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен. Учурда партиянын негиздөөчүсү катары он адам көрсөтүлгөн, ал эми аны Матраимовдордун тарапташы, депутат Мирлан Бакиров жетектейт.

Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын да негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ошол кезде «Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы болгон Чыңгыз Макешов буга экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Осмоновго карата жасаган басымы себеп болгонун айткан.

Андан соң Осмонов «Биздин Кыргызстанды» негиздеп, партия жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоолорго катышкан.

Депутат өзү бизнесмен катары да белгилүү. Ал бир тууганы Нурбек Осмонов менен бирге «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат. Бул холдингдин ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобиль чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.