«Силерде намыс жок». Тажикстандан аткез жүк алып өткөндөрдү жергиликтүүлөр уяткарышты

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Баткен облусунун Орто-Боз айыл аймагында 7-октябрь күнү тургундар чогулуп жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу Тажикстандан 22 тонна контрабандалык жүзүм ташып келе жатып кармалган жети унаанын айдоочусун уяткарышты.

Алар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин да «сабак албай» бул кадамга баргандарды сынга алып, наалат айтышты.

«Турмуш» басылмасы жыйындан жүктөгөн видеодо 50дөй тургун унааларынын алдында турган айдоочуларга нааразычылыгын айтып жатканын көрүүгө болот. Ал эми Чек ара кызматынын Баткен аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев алардын ар биринен жүк кимдики экенин, каерден жүктөп кайсыл жакка алып бара жатканын сурады.

Айдоочулардын баары аткез жүктүн ээсин ачыкташкан жок, алар жүктү Лейлек районунун Арка айылынан алып келе жатканын гана айтышты. Ошондой эле айдоочулардын көпчүлүгү Баткендин тургундары болуп чыкты.

Алар жүктөрдү 15 миңден 25 миң сомго чейин акы алуу келишими менен Ош, Бишкек шаарларына жана Жалал-Абад облусуна алып баратышканы белгилүү болду.

Төлөнбаев айдоочуларды «апрелдин аягындагы куралдуу жаңжалдан кийин кайсы жүз менен бул ишке бардыңар» деп сындады.

«Биздин 36 жарандын каны кургай элек. Уялбайсыңарбы? Намыс кылыш керек да акыры. Бекинсеңер күч органдарынан, чек арачыдан бекинип өттүңөр. Кудайдан кантип бекинесиңер? [...] Силерде намыс жок, сөз жок силерге! Келип кызмат кылбайсыңарбы андан көрө, намысыңар болсо чек араны коргобойсуңарбы?! », — деди ал.

Ошондой эле Төлөнбаев, айдоочулар мыйзам алдында кылган иши үчүн жооп берээрин эскертип, алардан жүктүн чыныгы ээсин ачыктоону талап кылды.

«Азаттык» үналгысы жыйында президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аткезчиликти токтотуу үчүн ички иштер органдарынын жана чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын топторду түзүп, өткөрмө бекеттерди уюштурууну сунуштаганын жазды.

3 млн 650 миң сомдук контрабанда

6-октябрга караган түнү Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл өкмөтү жана элдин кошуун тарабынан аткезчилик менен жүзүм ташып бараткан беш «Мерседес Спиринтер» жана эки оор жүк ташуучу унаа жергиликтүүлөр тарабынан кармалган.

Жүзүм 22 тонна болгону аныкталып, баасы 3 млн 650 миң сом деп божомолдонууда. Жүктүн баары айдоочулары менен кошо «Самаркандек» заставасына киргизилген.

Апрелдин аягындагы тажик аскерлеринин «куралдуу агрессиясынан» кийин жергиликтүүлөр элдик кошуундарды түзүп, эки өлкөнүн ортосунда аткез жүк ташыгандарды кармай башташкан.

Куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери бар. Дагы 190 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Жаңжалда тургундардын 140 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган.