УКМК Ошто милиция кызматкерин пара алууга шектеп кармады

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Ош ШИИБдин кызматкери 4-октябрда опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү милициянын лейтенанты, Ош ШИИБдин №5 милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү — ал пара алып жаткан жеринен кармалган. Милиционер алдамчылык фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин «кыскартып берүүнү убадалап» пара талап кылганы кабарланды.

УКМК бул факты боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүүнү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында УКМК Бишкектин Биринчи май РИИБсинин кызматкерин пара опузалоого шектеп кармаган. Милиционер Чүй облусунун тургунунан 500 АКШ долларын жана кымбат баалуу сувенирди талап кылган. Талап аткарылбаса алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгойм деп коркуткан.