УКМК: Биринчи май РИИБнин кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге Биринчи май РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн «Д.М.К» аттуу кызматкерин пара опузалоого шектеп кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз борбору билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкери Чүй облусунун тургунунан 500 АКШ доллары жана кымбат баалуу сувенир түрүндө пара талап кылган. Талап аткарылбаса алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгойм деп коркуткан.

«Пара опузалоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Кармалган адам андан аркы тергөө иштерин улантуу үчүн УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти Улуттук коопсуздук комитетинен.