Базар-Коргондо ишкерден акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жеке ишкерден акча жана баалулуктарды опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 8-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, «Малик» каймана аты менен таанымал УКТнын мүчөсү Базар-Коргондогу жеке ишкерди «зомбулук колдоном» деп коркутуп, 80 миң сом, алтын буюмдар жана уюлдук телефон талап кылган. Ал эми атайын кызматтын жана Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери «Маликти» кылмаш жасап жаткан маалында кармашты.

Милиция кызматкерлери бул факты боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми шектүү Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бир апта мурун, 1-октябрда, Базар-Коргон районунун милициясы «Баха базаркоргондук» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн «Алдамчылыкка» шектеп кармаган. Күч органдары ал 2010-жылдан тарта «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турганын билдиришкен.