Жалал-Абад: «Баха» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

1-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда «Баха базаркоргондук» каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мындан он күн мурда аталган райондун 60 жаштагы тургуну милицияга «Баха» аттуу киши 110 миң сом акчаны бербей жүргөнүдүгүнө даттанып, арыз менен кайрылган. Мындан сырткары шектүү жабырлануучунун тендерге байланышкан ишин анын пайдасына чечип берүүнү убада кылган.

«“Мен Жалал-Абаддагы зонанын “смотрящийи” менен сүйлөшүп чыктым, ал “добро” берди. 110 000 (бир жүз он миң) сом акча бересиз, менин көчө балдарым бар, аларга бир “Жигули” машина алып бериш керек, ары-бери чапкылап, "движение" кылганы” деп жабырлануучунун акчасын алып качып жүргөн», — деп жазылат Жалал-Абад ОИИБнин билдирүүсүндө.

Мындан сырткары милициянын маалыматында шектүү 2010-жылдан тарта «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылымыштуу тобунун мүчөсү катары катоодо тургандыгы жазылат.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө шектүү мындан мурун Орусияда да «Тоноо» беренеси менен соттолгону белгилүү болду.

Буга чейин 13-июнда Бишкек шаардык милициясы Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган төрт адамды кармаган. Алар курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү жана акча опузалоого шектелип, кармалган учурда алардын биринен курал табылган.

Камчы Көлбаев

Көлбаев 2010-жылдан тарта «дүйнөнүн ири баңги төбөлдөрүнүн» тизмесине кирет. АКШда Көлбаевди эл аралык «Бир туугандар чөйрөсү» кылмыштуу тобунун бир бөлүгү деп аташат. Ага бир нече евразиялык Уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү жана лидерлери кирет.

Көлбаевге Кыргызстанда 2013-жылы үч жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган — ошол эле учурда айыптоочу тарап ага 14 жыл суранган. Бирок бир жыл өтүп Көлбаев эркиндикке чыккан.

Ошондой эле Көлбаев Дубайда кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээлик кылган 12 кыргызстандыктын тизмесинде бар. Ал батирди Bahar 1 дареги боюнча Dubai Marina районунда сатып алганы белгилүү — ал жерде мүлктөрдүн баасы 400 миң доллардан 700 миң долларга чейин турат.

Тема боюнча:

Милиция Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсүн кармады