Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев парламенттик шайлоого катышууга ниети бар болгонун билдирди. Ал бул тууралуу 8-октябрда журналист Канышай Мамыркуловага курган маегинде ачыктаган.
«Элдер дагы айтып калды: “Эми агаңыз [Камчыбек Ташиев] чоң саясатта, республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип ошол жакта болуп калып атат. Азыр бир мандаттуу округдардардан [талапкерлигин] коюп [жатышат]. Ошол жерде [парламентте] мектеп, бала бакча, социалдык маселелерди айта турган өзүбүздүн депутатыбыз болсо жакшы болот эле”. Кудай буюрса мен [ушул сунушту] ойлонуштуруп жатамын. Бир туугандарым, жакын адамдарым менен кеңешип турабыз, жакынкы күндөрдө анык болот — мен ойлоймун ушул кадамдарга барат окшойбуз», — деди Шаирбек Ташиев.
Ташиев эгерде бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтө турган болсо, ал БШКга Жалал-Абад облусундагы №13 Сузак шайлоо округунан арыз берет.
Шаирбек Ташиев — мамлекеттик кызматтарды аркалаган, ошол эле маалда жеке ишкерлик менен да алектенген.
Ташиевдин айтымында, ал эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүндө адис катары баштаган. Кийинчерээк, 2001-жылы, ал Бишкектин Октябрь райондук администрациясында иштеп, ошол эле жылы Монополияга каршы мамлекеттик комиссиясында жетектөөчү адис да болгон.
Ал эми 2003-2013-жылдары Шаирбек Ташиев «Жалал-Абад» бажысында иштеген. Ташиев инспектордон башкармалыктын жетекчисинин орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.
2013-жылы Шаирбек Ташиев агасы Камчыбек Ташиевдин бошотулушун талап кылып, Жалал-Абадда митинг уюштурган. Анын жүрүшүндө митингчилер облустук администрациянын имаратын басып алып, Бишкек — Ош унаа жолун тосушкан.
Кийинчерээк митингчилердин алтоосуна «Массалык башалмандыктар» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айып тагылган — алардын ичинде Шаирбек Ташиев жана Жалал-Абад облусунун учурдагы башчысы Абсаттар Сыргабаев да бар. 2013-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусттук соту аларды күнөөлүү деп таап, айыпталуучулардын ар бири үч жылга шарттуу кесилген.
Ал эми 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жогорку сот Шаирбек Ташиев жана башка айыпталуучулардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.
Шаирбек Ташиев бажыдан кеткенден кийин Кыргыз-өзбек-азербайжан «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводду» жетектеп баштаган. Ал эми 2016-жылы ал Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган.
2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Шаирбек Ташиев агасы негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан.
2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешке атайын кызматтын башчысынын уулу Тай-Мурас Ташиев да «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан мандат алган. Алты айдан кийин ал мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазды. Мунун себебин «саясатка аралашууга эрте экен» деп негиздеди.
Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Камчыбек Ташиевге таандык болгону айтылып келет. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке кагып келет.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.
Бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлер 13-октябрга чейин БШКга арызын бериши керек. 11-октябрга карата шайлоого өз алдынча катышуу үчүн 194 киши арыз берди.