«Саясатка аралашууга өтө эрте деп ойлойм». Тай-Мурас Ташиев мандатын тапшырат

Тай-Мурас Ташиев

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Тай-Мурас Ташиев 4-октябрда мандатын тапшыруу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу Ташиев «Клоопко» өзү тастыктады.

Ал мунун себебин «бизге саясатка аралашууга өтө эрте деп ойлойм» деп негиздеди. Анын айтымында, мындан ары жеке ишкерлиги менен алектенет.

Мындан сырткары Ташиев «парламенттик шайлоого катышуу ниетиңиз жокпу» деген сурообузга «буюрса андай ой дагы болбойт» деп жооп берди.

Тай-Мурас Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу. Ал шаардык кеңешке талапкерлигин көрсөтүп жатканда өзүн «Томас и Ко» ЖКСынын директорунун орун басары катары көрсөткөн — аталган компаниянын бир нече май куюучу бекеттери бар.

Мындан сырткары, ал шаардык кеңештин жыйынында Жалал-Абад шаарында кафе иштетээрин ачыктаган.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясын коомчулукта УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланыштырышат. Анткени партияны анын айылдашы Айбек Маткеримов жетектейт. Маткеримов жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясы менен барган.

Ал эми атайын кызматтын төрагасы партия ага тиешелүү деген маалыматты четке каккан, бирок ошол кезде партия менен шайлоого аттанып жаткан уулу Тай-Мураска ийгилик каалаган.