Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет 12-октябрда жаңы министрлер кабинетинин курамы менен түзүмүн бекитти. Буга чейин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетин отставкага кетирүү тууралуу жарлыкка кол коюп, жаңы курамды сунуштаган.
Мурдараак президенттин үзөңгүлөшү, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров минкабдын башчысынын м.а. болуп дайынлаганы белгилүү болгон.
Ал комитет жыйынында бюджеттин киреше бөлүгүн 120 миллиард сомго көбөйтүүнү убадалады. Анын айтымында, минкабдын мындай мүмкүнчүлүктөрү бар.
«Эгерде олигархтар, саясатчылар аралашпаса экономиканы көтөрүүгө болот. Биз жыйымдардын көлөмүн 120 миллиард сомго көтөрүүгө ниетеннип жатабыз. Ал үчүн биринчи кезекте аткезчиликти тизгиндеп, санариптештирүүнү аягына чыгаруу керек», — деди ал.
Министрлер кабинетинин сунушталып жаткан курамы:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
- министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
- министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
- министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Камчыбек Ташиев;
- тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
- транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
- айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
- энергетика министри — Доскул Бекмурзаев;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова ;
- саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
- коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
- ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
- экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
- финансы министри — Алмаз Бакетаев;
- юстиция министри — Аяз Баетов;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев.
Андан тышкары өкмөттүн түзүмүнө дагы өзгөртүүлөр сунушталууда. Экономика жана финансы министрлиги өз алдынча эки ведомствого ажыратылышы мүмкүн — финансы министрлиги жана экономика министрлиги.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мурдагыдай эки бөлөк министрлик болот — саламаттык сактоо министрлиги жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
Жыйында парламент депутаты Айнуру Алтыбаева минкаб төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровго кайрылып, министрликтерди ажыратуунун себебин сурады. Чиновниктин айтымында, мындай чечим өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган.
«Мен президенттин чечимин колдойм. Ведомствонун иши анализден өттү. Президент жакынкы күндөрү саламаттык сактоо тармагындагы реформалар олуттуу болот деген чечимге келди [...] Башка ири өзгөрүүлөр болгон жок», — деди Жапаров.
«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам
Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 11-октябрда «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга кол койгонун билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзам долбоорун 6-октябрда үчүнчү окууда кабыл алышкан. Бирок жыйынга катышкан журналисттер парламентте болгону 50дөн ашпаган депутат отурганын белгилешкен.
Алардын маалыматына караганда, жыйынга катышпаган эл өкүлдөрү үчүн кесиптештери кнопка басышкан. Мисалы, депутат Шайлообек Атазов үч кесиптеши үчүн добуш бергенин журналисттерге өзү айтып берген.
Мыйзамда эмне жөнүндө жазылган?
Президенттин администрациясынын маалыматы боюнча, министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам президентке өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугун берет.
Документке ылайык, Жапаров министрлер кабинетинин жаңы төрагасын жана түзүмүн дайындайт, андан соң парламентке сунуш келтирет.
Мындан ары министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясын жетектейт. Ал эми администрация өкмөттүн аппаратынын милдетин аткарат. Мыйзамдын долбоорунда минкабдын мүчөлөрү кызматтык турак-жай менен камсыз болот деп жазылган, бирок аны менчиктештирүүгө тыюу салынган. Минкабдын башчысы жана мүчөлөрү соттолбогон болушу керек.
«Соттуулугу жокко чыгарылганы же мөөнөтү аяктаганы» мааниге ээ эмес.
Ал эми министрлер кабинетинин мүчөсүн «президенттин макулдугу» менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Эгерде министрдин мамлекеттик сыйлыктары бар болсо тергөө учурунда камакка алынбайт, үй камагында гана болот.
Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.
Министрлер кабинети жөнүндө мыйзам жаңы кабыл алынган Конституциядан улам пайда болду. Анда президенттин ролу бийликтин бардык бутактарында күчөтүлгөн, анткени Кыргызстан мындан ары президенттик өлкө болуп калды. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинин өкүлү болгон минкаб түздөн-түз президентке баш ийет.
Активисттер менен юристтер жаңы Конституция президентке министрлер кабинетинин, парламенттин, ал тургай соттордун үстүнөн башкарууга чексиз бийлик бергени үчүн кескин сынга алышкан.