Чаткал: Алтын казган компаниянын жетекчиси жергиликтүү тургундардын үстүнөн арыз жазды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтын казган «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын директору Вели Гёкдере кен казууга каршы чыккан Чаткал районунун тургундарынын үстүнөн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББдин басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев «Клоопко» билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында алтын казган компаниянын жетекчисинен арыз түшкөн. Анда Чаткал районунун 15-20 чакты тургуну фирманын карьерине кетүүчү жолду тосуп, иштөөгө тосколдук кылганы жазылган», — деди ал.

Нааразычылык акциясына чыккан тургундар. Сүрөт: Вести.кж

Ал эми Turmush басылмасынын маалыматына караганда, тургундар алтын казган компанияга каршы болгону менен фирманын иши үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жергиликтүүлөр басылмага компаниянын иштеп жаткан унааларын токтотпогонун билдирген.

Аталган факты Чаткал РИИБи тарабынан КЖБРге «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Чаткалдыктарды чарчаткан көйгөй

Буга чейин Чаткал районунуна караштуу Терек-Сай айылынын 20 чакты тургуну 8-сентябрда нааразычылык билдирип жөө жүрүшкө чыгышкан. Алар алтын казган «Эти Бакыр Терексай» ишканасы эколлогияга «чоң зыян» келтирип жатканын айтып, тургундарга компенсация төлөп берүүсүн талап кылышкан.

Тургундардын айтымында, алар буга чейин да өкмөткө аталган компаниянын ишин токтотууну талап кылып кат жолдошкон, бирок көйгөй чечилген эмес. Алар маселеге чекит коюлбаса «көтөрүлүшкө чыгып, компаниянын ишин өзүбүз токтотобуз» деп айтышкан.

Жөө жүрүшкө чыккан айыл тургундары компания айылды чаңдатып, анын кесепетинен ар кандай оорулар пайда болуп жатканын билдирген. Андан сыркары, алар чаңдын айынан айылга чөп чыкпай, жайыт жерлер талкаланып жатканына нааразы болгон.

Нааразычылык жөө жүрүшүнө жаш өспүрүмдөр да катышып, «Бизге тынчтык керек!», «Биз таза аба менен жашайбыз», «Таза экология муундун келечеги» деген плакаттарды көтөрүп чыккан.

Компаниянын ишмердүүлүгүнө жергиликтүү тургундар 2018-жылдан бери нааразы болуп келишет. Тургундар ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу кат жолдошкон. Бирок бийлик тараптан эч кандай реакция болгон эмес.

Түркиялык «Эти Бакыр Терексай» компаниясы 2015-жылы Терек-Сайдагы кенди иштетүү боюнча конкурска катышып, кенди 20 млн долларга сатып алган. Учурда «Эти Бакыр Терексай» ишканасында «Кыргызалтындын» 25 пайыз акциясы бар.