Чаткалдын тургундары алтын кенин иштеткен компаниядан компенсация талап кылышты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунуна караштуу Терек-Сай айылынын 20дай тургуну 8-сентябрда нааразычылык билдирип жөө жүрүшкө чыкты. Алар алтын казган «Эти Бакыр Терексай» ишканасы эколлогияга «чоң зыян» келтирип жатканын айтып, тургундарга компенсация төлөп берүүсүн талап кылышты.

Тургундардын айтымында, алар буга чейин да өкмөткө аталган компаниянын ишин токтотууну талап кылып кат жолдошкон, бирок көйгөй чечилген эмес. Алар маселеге чекит коюлбаса «көтөрүлүшкө чыгып, компаниянын ишин өзүбүз токтотобуз» деп айтышты.

«Өз жерибизде өзүбүз кор болуп калдык»

Акцияга чыккан Терек-Сай айылынын тургуну Юлдашбай Дамиров «бийлик эл менен эсептешпей, компаниянын тарабын талашып жатат» деген пикирде.

«Биздин бийлик Терек-Сай айылынын эли менен жакшы иштеше албай койду. Биз Жогорку Кеңешке чейин кат жолдогонбуз. “Убакыт бергиле” деп отуруп ушул күнгө келди. Компания иштегендеги чаңды айтпай эле коёюн. Марттан баштап чаңдап башталат, мына бүгүнкү күнгө чейин чаң жутуп атабыз. «Эти Бакыр Терексай» компаниясы басмачылардай эле эл менен эсептешпей бастырып кирген. Мал жайюучу жерибиздин баарын талкалап бүтүштү», — деп ызаланды Дамиров.

Ал эми митингдин дагы бир катышуучусу Айдайкан Суранова компания жерлерди жардыргандыктан турак үйлөр жаракка кетип, жерде чөп чыкпай калганын айтты. Ал «эл кыйкырып чыкканы менен бийлик элдин үнүн укпай жатат» дейт.

«Бул Түрк фирмасы айылдын тургундарын адам деп эсептебейт. Түндөсү жерди жардырышат, турак үйлөрдөн жаракка кетип, айнектер сынып жатат. Ал эми жергиликтүү бийлик болсо уктап атат, эч нерсе менен иши жок. Эптеп-септеп суу чачымыш болушат, бир саатка жетпей анысы кургап калат. Чаңдан оорунун түрлөрү чыгып атат. Баарыбыз оорулуу болуп калдык. Өз жерибизде өзүбүз кор болуп атабыз», — деди Суранова.

Дагы бир тургун Айчүрөк Бекмуратованын айтымында, чаңдын айынан беш жашар баласы астма оорусуна чалдыккан. Бекмуратова мындай ооруга коңшуларынын балдары да чалдыкканын белгиледи.

«Балам жөтөлгөнүнөн ооруканага барып көрүнсөк астма болуп калыптыр. Үч айдын ичинде эле ушул ооруга айланып кеткен. Дарыгерлер өздөрү да “биринчи аллергия, андан кийин бронхит болуп, анан астмага өтүшү керек эле” деп таңкалышты. Менин баламда дароо астма пайда болуп калганы экологиянын бузулушунан, чаңдан экен. Менин балам эле эмес, айылдагы көпчүлүк балдар ооруйт», — дейт ал.

Нааразычылык жөө жүрүшүнө жаш өспүрүмдөрдөн бери катышып, «Бизге тынчтык керек!», «Биз таза аба менен жашайбыз», «Таза экология муундун келечеги» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Чаткалдыктарды чарчаткан көйгөй

Үстүбүздөгү жылдын 23-январында Терек-Сай айыл аймагында «Эти Бакыр Терексайга» таандык алтын ыргалоочу фабрикада тундургуч жарылып, анын ичиндеги калдыктар эл суу ичкен дарыяга кошулуп кеткен.

Анда жергиликтүүлөр калдыктардын арасында цианид бар экенин айтып сарсанаа болушкан. Ал эми бийлик дарыяга көмүрдүн калдыктары гана аккан деп билдирип, ошол эле учурда тургундарга дарыядан суу ичпей турууну эскерткен.

Калдыктар болсо экспертизага жиберилген. «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири «Кыргызалтын» 24-январга карата кырсыктын кесепеттери толугу менен жоюлганын билдирген.

Аталган айылдын тургундары нааразычылыгын биринчи жолу айтып чыккан жок. 2021-жылдын февраль айында Терек-Сай айылынын тургундары «Эти Бакыр Терексай» алтын казуучу компаниясынын алардын үйлөрүнүн жанында жүргүзгөн жардыруу иштерине нааразы болушкан. Тургундардын айтымында, ишкана тоо кендерин жардыргандыктан алардын үйлөрүнө таш кулоо коркунучу дагы жаралган.

Айылдагы айрым тургундар таш кулап кетүү корнуч жаралгандыктан үй-бүлөөсүн алып көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Бирок өкмөт тараптан дагы иштеп жаткан компания тараптан дагы жергиликтүү тургундарга эч кандай жардам болгон эмес.

Ал эми «Эти Бакыр Терексай» ишканасына лицензия берилип, айылдын жанында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканына байланыштуу аймактагы үйлөр «санитардык зонага» кирип калган.

Компаниянын ишмердүүлүгүнө жергиликтүү тургундар 2018-жылдан бери нааразы болуп келишет. Тургундар ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу кат жолдошкон. Бирок бийлик тараптан эч кандай реакция болгон эмес.

Түркиялык «Эти Бакыр Терексай» компаниясы 2015-жылы Терек-Сайдагы кенди иштетүү боюнча конкурска катышып, кенди 20 млн долларга сатып алган. Учурда «Эти Бакыр Терексай» ишканасында «Кыргызалтындын» 25 пайыз акциясы бар.