«Кыйроого алып баргыдай эч нерсе болбойт». Акылбек Жапаров энергокризис тууралуу

Министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы дайындалган м.а. Акылбек Жапаров 13-октябрда парламент жыйынында өлкөдөгү энергокризис тууралуу маселеге токтолду. Бул жыйында депутаттар минкабдын жаңы курамы менен түзүмүн карап жатышат.

Акылбек Жапаров парламенттин 13-октябрдагы жыйынында. Трансляциядан скриншот

Жапаров Кыргызстан келе жаткан күз-кыш мезгилине «анчейин жакшы эмес абалда» кирип баратканын белгиледи.

«Аны баарыңар билесиңер. Кымбат жана тартыш болуп жетпей жаткан көмүрдү сатып алып жаткан эл дагы түшүнүп турат. Муну Токтогул суу сактагычындагы суусу толук эмес энергетиктер дагы билет. Кыйынчылыктар болот, бирок кыйроого алып баргыдай эч нерсе болбойт. Министрлер кабинети бул мезгилде элдин жашоосун жеңилдетиш үчүн колунан келген аракетин көрөт», — деди ал.

12-октябрда парламент комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамы менен түзүмүн бир добуштан жактырган. Өлкө башчысы Мариповдун ордуна экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштаган.

Энергетикалык кризис

Кыргызстан узап бараткан жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске кабылды. Бийлик буга аймактарда суу тартыш болгону башкы себеп деп атоодо.

Мындан улам өлкөнү 40-50%га электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн болууда.

Буга байланыштуу бийлик жана энергетиктер кыргызстандыктарды «электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга», үйлөрдү мүмкүнчүлүккө жараша көмүр же газ сыяктуу альтернативдүү энергия булактары менен жытылууга үндөй баштаган.

Бирок бүгүнкү күндө көмүр өткөн жылга караганда кымбат болуп жатат. Алсак, 7-октябрда Улуттук статком бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 715 сомго кымбаттаганын билдирген. Барынан да Ноокатта көмүр кымбат — бир тоннасы 8 390 сом. Экинчи орунда Баткен турат — 8 377 сом.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, көмүрдүн баасы бир нече себептерден улам кымбаттаган: мезгилдик фактор, суроо-талап сунуштан жогору болуп жатканы жана отунду калкка сата турган түйүндөргө чейин жеткирүү. Мындан тышкары, агенттик сатуучулар абалдан пайдаланып жатышы мүмкүн деп дагы эсептейт.

Мындан улам министрлер кабинети 12-октябрда көмүрдүн баасына 90 күндүк мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салуу киргизди.

Элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакыруудан тышкары, бийлик жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүш үчүн коңшу мамлекеттерден дагы электр энергиясын импорттоп жатат.