УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев 12-октябрда парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. Ал талапкерлигин №14 Жалал-Абад шайлоо округунан көрсөттү.
Шаирбек Ташиев беш күн мурда журналист Канышай Мамыркуловага курган маегинде эле шайлоого катышуу ниети бар экенин ачыктаган. Ал муну «эл суранып жатканы» менен түшүндүргөн.
«Элдер дагы айтып калды “Эми агаңыз чоң саясатта, республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип ошол жакта болуп калып атат. Азыр бир мандаттуу округдардардан [талапкерлигин] коюп [жатышат]. Ошол жерде [парламентте] мектеп, бала бакча, социалдык маселелерди айта турган өзүбүздүн депутатыбыз болсо жакшы болот эле” деп. Кудай буюрса мен [ушул сунушту] ойлонуштуруп жатамын. Бир туугандарым, жакын адамдарым менен кеңешип турабыз, жакынкы күндөрдө анык болот — мен ойлоймун ушул кадамдарга барат окшойбуз», — деген ал.
Шаирбек Ташиев
Шаирбек Ташиев — мамлекеттик кызматтарды аркалаган, ошол эле маалда жеке ишкерлик менен да алектенген.
Ташиевдин айтымында, ал эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүндө адис катары баштаган. Кийинчерээк, 2001-жылы, ал Бишкектин Октябрь райондук администрациясында иштеп, ошол эле жылы Монополияга каршы мамлекеттик комиссиясында жетектөөчү адис да болгон.
Ал эми 2003-2013-жылдары Шаирбек Ташиев «Жалал-Абад» бажысында иштеген. Ташиев инспектордон башкармалыктын жетекчисинин орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.
2013-жылы Шаирбек Ташиев агасы Камчыбек Ташиевдин бошотулушун талап кылып, Жалал-Абадда митинг уюштурган. Анын жүрүшүндө митингчилер облустук администрациянын имаратын басып алып, Бишкек — Ош унаа жолун тосушкан.
Кийинчерээк митингчилердин алтоосуна «Массалык башалмандыктар» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айып тагылган — алардын ичинде Шаирбек Ташиев жана Жалал-Абад облусунун учурдагы башчысы Абсаттар Сыргабаев да бар. 2013-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусттук соту аларды күнөөлүү деп таап, айыпталуучулардын ар бири үч жылга шарттуу кесилген.
Ал эми 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жогорку сот Шаирбек Ташиев жана башка айыпталуучулардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.
Шаирбек Ташиев бажыдан кеткенден кийин Кыргыз-өзбек-азербайжан «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводду» жетектеп баштаган. Ал эми 2016-жылы ал Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган.
2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Шаирбек Ташиев агасы негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан.
2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешке атайын кызматтын башчысынын уулу Тай-Мурас Ташиев да «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан мандат алган. Алты айдан кийин ал мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазды. Мунун себебин «саясатка аралашууга эрте экен» деп негиздеди.
Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Камчыбек Ташиевге таандык болгону айтылып келет. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке кагып келет.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.