Видео: Улукбек Марипов элге видео кайрылуу жасап коштошту

Министрлер кабинетинин экс-төрагасы Улукбек Марипов 12-октябрда Фейсбук барагында кыргызстандыктар үчүн видео кайрылуу жасады. Мурдараак президент Садыр Жапаров Мараиповду жана минкабдын мүчөлөрүн отставкага кетирген.

Марипов кыргызстандыктарга, президентке жана депутаттарга «ишеним артканы үчүн» ыраазычылык билдирди. Мариповдун айтымында, министрлер кабинетинин төрагалык кызматында туура 250 күн иштеген.

«Бүл күндөрдө ар кандай күндөр болду. Биздин негизги принцип: таза иштөө, элге кызмат кылуу болду [...] Биз ошол максатыбызга жеттик деп ойлойм. Ишибиздин кандай болгонуна бааны, албетте, элибиз берет», — деди ал.

12-октябрда парламент комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган жаңы минкабдын курамын жана түзүмүн бир добуштан жактырды. Мариповдун ордуна өлкө башчысы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровду сунуштады.

13-октябрда Жогорку Кеңештин депуттары министрлер кабинетинин жаңы курамы менен түзүмүн бекитип бериши керек.

Минкабдын жаңы курамы 13-октябрдагы парламент жыйынында. Сүрөт: Дастан Бекешев.

Дагы окуңуз: Парламент комитети минкабдын курамы менен түзүмүн бекитти