Жогорку Кеңештин депутаттары 13-октябрда президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитти.

Өлкө башчысы буга байланыштуу билдирүүсүндө Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп келишишкенин жазган.«Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам деп убада берди» , — деп жазган президент.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы

Андан тышкары өкмөттүн түзүмү дагы өзгөрдү. Экономика жана финансы министрлиги өз алдынча эки ведомствого ажыратылды — Кыргызстанда бийлик алмашканга чейинкидей, финансы министрлиги жана экономика министрлиги пайда болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мурдагыдай эки бөлөк министрлик болду. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, ведомстволорду бириктирүү, андан соң кайра ажыратуу өлкө тарыхында төрттөн көп жолу кайталанып жатат.

«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 11-октябрда «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга кол койгонун билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзам долбоорун 6-октябрда үчүнчү окууда кабыл алышкан. Бирок жыйынга катышкан журналисттер парламентте болгону 50дөн ашпаган депутат отурганын белгилешкен.

Алардын маалыматына караганда, жыйынга катышпаган эл өкүлдөрү үчүн кесиптештери кнопка басышкан. Мисалы, депутат Шайлообек Атазов үч кесиптеши үчүн добуш бергенин журналисттерге өзү айтып берген.

Министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам президентке өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугун берет.

Документке ылайык, Жапаров министрлер кабинетинин жаңы төрагасын жана түзүмүн дайындайт, андан соң парламентке сунуш келтирет. Андан тышкары, жаңы парламент келген сайын минкаб отставкага кетпейт. Минкабдын иштөө мөөнөтү президенттин башкаруу мөөнөтү менен тыгыз байланыштуу.

Министрлер кабинетинин башчысы болуп Акылбек Жапаров бекиди. Буга чейин ал Экономика жана финансы министри болчу. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров жеке өзү колдогон.

Бул министрлер кабинети жаңы Конституцияга ылайык, жаңы деп деп эсептелгени менен андагы адамдар мурдагы бойдон эле калган.