«Убакыт берели». Президент Акылбек Жапаровду минкабдын башчылыгына сунуштады

Садыр Жапаров жана Акылбек Жапаров

Президент Садыр Жапаров мининстрлер кабинетинин төрагалыгына экономика министри Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштады. Андан тышкары, минкабдын жаңы курамына талапкерлер Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу өлкө башчысы Instagram барагында билдирди.

Президенттин айтымында, министрлер кабинетинин төрагасын алмаштырууга «казынаны толтуруу» себеп болгон. Анткени Акылбек Жапаров быйыл бюджетти «280 млрд сом менен, 2022-жылы 400 млрд сомго жакындатып жаап берем» деп сөз берген.

«Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөкпулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат», — деди президент.

Президент «эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм» деп белгиледи. Ошондуктан Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду «азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели» деди.

Ошондой эле президент Акылбек Жапаровдун «ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл аракети» толук жеке көзөмөлүндө болорун, анын ишин текшерип турууга «убакыты да, күчү да жетерин» кошумчалады.

Садыр Жапаров Акылбек Жапаров «Кумтөр» маселесин «бүтүрүп, бюджетти турукташтарды» деп оң баасын берди.

Ал эми министрлер кабинетинин азыркы төрагасы Улукбек Мариповдун ишин «оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк», «тажрыйба топтоду» деп баалады.

«[Марипов] Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда», — деди Жапаров.

Президенттин Садыр Жапаров 11-октябрда «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, министрлер кабинетинин курамы өзгөрөт.

Мыйзамга кол коюлган күнү бир катар кыргыз ЖМКлары министрлер кабинетинде кадрдык алмашуулар болуп, минкабдын азыркы башчысы Улукбек Марипов кызматынан кетип, ордуна президенттин үзөңгүлөшү, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров келерин жазышкан.

Мыйзамда эмне жөнүндө?

Президенттин администрациясынын маалыматы боюнча, министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам президентке өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугун берет.

Документке ылайык, Жапаров министрлер кабинетинин жаңы төрагасын жана түзүмүн дайындайт, андан соң парламентке сунуш келтирет.

Мындан ары министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясын жетектейт. Ал эми администрация өкмөттүн аппаратынын милдетин аткарат. Мыйзамдын долбоорунда минкабдын мүчөлөрү кызматтык турак-жай менен камсыз болот деп жазылган, бирок аны менчиктештирүүгө тыюу салынган. Минкабдын башчысы жана мүчөлөрү соттолбогон болушу керек. «Соттуулугу жокко чыгарылганы же мөөнөтү аяктаганы» мааниге ээ эмес.

Ал эми министрлер кабинетинин мүчөсүн «президенттин макулдугу» менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Эгерде министрдин мамлекеттик сыйлыктары бар болсо тергөө учурунда камакка алынбайт, үй камагында гана болот.

Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.