Ошто жол кырсыгынан 23 жаштагы жигит каза болду

Сүрөт: ӨКМнин басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Гольф-3» менен «Вольво» үлгүсүндөгү чоң оор жүк ташуучу унаа кагышып, 23 жаштагы киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-октябрда кабарлагандай, кырсык Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын Ахмедов көчөсүндө катталган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан төрт куткаруучу тартылган. Куткаруучулар сөөктү унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районунда «Тойота Авенсис» жана «Хонда Одиссей» унаалары кагышып, үч адам каза болгон. Дагы жети адам ар кандай жаракаттар менен райондук ооруканага жеткирилген.