Баткенде жол кырсыгынан үч адам каза болуп, жети киши жаракат алды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 9-октябрда «Тойота Авенсис» жана «Хонда Одиссей» унаалары кагышып, үч адам каза болду. Ар кандай жаракат алган дагы жети жаран райондук ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Кадамжай — Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымындагы Өндүрүш айылында катталган.

Кырсык болгон жерге Кадамжай райондук №76 куткаруу бөлүмүнүн үч кызматкери, тез жардам жана милиция кызматкерлери тартылган. Кырсыктан жабыр тарткандар Айдаркен шаардык ооруканасына жаткырылып, ал эми каза болгон бир адамдын сөөгү ошол эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Ушундай эле окуя үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында катталган. Анда Баткен облусунун Лейлек районунда «Хонда Стэпвагэн» жана «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки адам каза тапкан. Дагы жети адам ар кандай жаракаттарды алган.