UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстандан кетүүсүнүн себебин айтты

Эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Рафаэль Физиев Кыргызстандан кетүү тууралуу чечимине Instagram барагы аркылуу комментарий берди.

Буга чейин Физиев муфтияттын көкүтүүлөрүнөн улам өлкөдөн кетүүнү чечкенин айткан.

Жаңы кайрылуусунда спортчу фанаттарына ыраазычылык билдирип, «шылтоо издебегенин» жана «ыплас нерселерден чарчагандыктан» кетип жатканын жазган.

«Эгерде кайсы бир өлкөнүн атынан чыкпасам ыпластык бара-бара азаят. Эрежесиз мушташтын жана чыныгы фанаттарыма айткым келет: бул иште өзүмдүн мыкты экенимди гана көрсөтөм! Колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем!» — деп жазган Физиев.

Физиевдин кетиши

UFC мушкери Рафаэль Физиев 14-октябрда Instagram барагында мындан ары таймаштарга Кыргызстандын туусу менен чыкпай турганын билдирген.

Спортчу муфтият тарабынан «көкүтүү» башталгандыктан ушундай чечим кабыл алганын айткан. Ал үй-бүлөсү дагы «көкүтүүгө» кабылганын кошумчалаган.

Физиев ага карата «көкүтүү» эмнеден улам башталганы тууралуу кеңири токтолгон эмес. Бирок буга чейин интернетте Кыргызстандын экс-муфтийи Максат Токтомушев Физиевдин инстаграмдагы Эн-Нажаф шаарында «Имам Али» мечитине барганы тууралуу видеосуна оюн билдиргени боюнча тасма пайда болгон.

Физиев тартып алган Ирактагы мечит мусулмандардын шиит агымын кармангандар үчүн курулган. Токтомушев түшүндүргөндөй, Борбордук Азияда исламдын сунниттик агымы тараган.

«Бул спортсмен жигитибиз — Кыргызстандын сыймыгы. Оюмча эми баягы өзүнүн жеке сезимдерин кичине кабарлап коюшу мүмкүн, бирок адашпаш керек да. Спорт бөлөк, идеология бөлөк. Ишеним деген бөлөк», — деген Токтомушев.

Ал «мындай чакырык жасоо» туура эмес экенин кошумчалаган. Экс-муфтий мындай аракет диний касташууга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Физиевдин айткандары «муфтиятка тиешеси жок» экенин «Клооптун» журналистине билдиришкен.