«Көкүтүү болуп жатат». UFC мушкери Физиев Кыргызстандан кетип жатканын билдирди

Аралаш мушташ боюнча мушкер Рафаэль Физиев Instagram барагында мындан ары таймаштарга Кыргызстандын туусу менен чыкпай турганын билдирди.

Физиевдин айтымында, ал мындай чечимди муфтият тарабынан башталган көкүтүүдөн улам кабыл алган. Спортчу өзү менен кошо үй-бүлөсү дагы көкүтүүгө кабылганын кошумчалады.

«Мен жана менин үй-бүлөм Кыргызстанда муфтият менен белгилүү адамдардын көкүтүүсүнө дуушар болдук. Ошол көкүтүү менен жалган жана түшүнүксүз видеонун айынан. Мага, үй-бүлөмө каардуу билдирүүлөр келип жатат, андайлар миңдеп саналат», — деди спортчу.

Спортчу көкүтүү так кесе эмнеден улам башталганын айткан жок. Бирок, ал эч качан дааватчы болбогонун, болгону Instagram’да жашоосун көрсөтүп жургөнүн билдирди.

«Болду, кетип жатам. Мени Кыргызстан менен байланыштырган эч нерсе калган жок. Үй-бүлөбүз менен көчүп кетүүнү ойлонобуз. Кыргызстандын туусу менен чыкканды токтотуп жатам», — деп жыйынтыктады Физиев.

Муфтияттан «Клооптун» журналистине Физиевдин айткандарынын «муфтиятка эч кандай тиешеси жок» экенин билдиришти.

«Ал эмнеге антип айтканына биз дагы таңгалып жатабыз. Муфтият коркутуу менен алектенбейт, биз билим берүү, агартуу, түшүндүрүү менен алектенебиз. Бизге көптөгөн үй-бүлөлөр келет, аларга исламдын негиздери менен баалуулуктарын түшүндүрүп, үй-бүлөлөрдү сактап калууга жардам беребиз. Физиевге байланыштуу муфтияттын эч кандай тиешеси жок, анын сөзүнө муфтиятты аралаштыруунун кереги жок», — деп билдиришти дин башкармалыгынан.

7-августта Рафаэль Физиев АКШнын Хюстон шаарында өткөн UFC 265 турниринде америкалык Бобби Гринди жеңген. Бул Физиевдин UFC’деги катары менен болгон төртүнчү жеңиши.