Акылбек Жапаров: Жылытуу мезгилине даярдык кечигүү менен башталды

Министирлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «быйыл жылытуу мезгилине даярдык кечигүү менен башталганын» мойнуна алды. Бул тууралуу ал 18-октябрда, Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенине иш сапары учурунда билдирди.

Жапаровдун айтымында, мындай кечигүүлөргө жол берилбеши керек.

«Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө “Кара-Кечеде” инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл», — деди Жапаров.

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусундагы өткөн кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетика тармагындагы ишканалар камсыздалышы керектигин дагы бир жолу эскертти.

Буга чейин, 12-октябрда минкаб Кыргызстандагы көмүрдүн баасына мамлекет тарабынан убактылуу жөнгө салуу киргизген. Бул чара максималдык бааны белгилөө менен 90 күндүк мөөнөткө созулат.

Көмүрдүн баасы

Бааны жөнгө салуу милдети Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлдү. Агенттик көмүрдүн бир тоннасы үчүн бааны 1250 сомдон 1330 сомго чейин деп белгилеген.

Министрлер кабинети мындай чечим күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасы кымбаттап кетишине жол бербеш үчүн кабыл алынганын кошумчалаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кара-Кече карьеринде жайгашкан 21 көмүр казган ишкана үчүн дүң баада сатуунун наркы өткөн жылкы баа боюнча калганын белгилеген: көмүрдүн тоннасы үчүн 1250 сомдон 1330 сомго чейин.

Агенттиктин маалыматына ылайык, көмүрдүн баасы бир нече себептерден улам кымбаттаган: мезгилдик фактор, суроо-талап сунуштан жогору болуп жатканы жана отунду калкка сата турган түйүндөргө чейин жеткирүү. Мындан тышкары, агенттик сатуучулар абалдан пайдаланып жатышы мүмкүн деп дагы эсептейт.