Президенттин кортежи аралашкан кырсык: Жеңил унаанын айдоочусуна айып тагылды

ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев 19-октябрдагы маалымат жыйында президент Садыр Жапаровдун кортежи аралашкан жол кырсыгынын чоо-жайына токтолду.

Дүйшөналиевдин айтымында, июнь айынын башында Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгы боюнча тергөө жыйынтыкталды.

Иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлдү. Ал Subaru унаасынын айдоочусуна «Этиятсыздык менен адам өлүмүнө себепчи болуу» жана «Жол кыймылынын эрежелерин бузуу» беренелери боюнча айып тагылганын кошумчалады.

Президенттин кортежи аралашкан кырсык

Президенттин кортежи кырсыкка учурагандан кийин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «24.kg» басылмасына кырсыктын чоо-жайын билдирген. Анын айтымында, кырсык болгон күнү мас айдоочу жолдун каршы тилкесине чоң ылдамдык менен чыга калган.

«Президент отурган биринчи унаа буйтап кетүүгө үлгүргөн, экинчиси буйтаганга аракет кылган, бирок сокку арткы дөңгөлөккө тийип, унаа көп жолу тоголонуп кеткен. Илгиз Усубалиев [президенттин дарыгери] алган жараатынан кырсык болгон жерде жан берген», — деген ал.

Кийин ИИМден Ысык-Көл ОИИБи жол кырсыгы боюнча «Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежесин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаганын билдиришкен.

Бирок, шектүүнүн уулу Эрбол Кыдыргазиев кырсыкка карата өзүнүн версиясын айткан. Анын айтымында, кырсыкта тескерисинче президентти коштогон унаалардын бири анын атасынын унаасын сүзгөн.

«Жол кырсыгында менин атам дагы жабыркады, бирок ал күнөөлүү эмес. Toyota Land Cruiser’дин айдоочусу, УКМКнын тогузунчу кызматынын өкүлү президенттин кортежинен артта калган. Башкы кортеждин алдында атам Конокбай Чынырбаев жолдун четине токтогон. Чоң жолго чыкканда “Тогузунчу” кызматтын өкүлү келип сүзгөн, себеби ал каршы тилке менен катуу ылдамдыкта келе жаткан экен», — деп билдирген ал 9-сентябрда 24.kg басылмасына курган маегинде. Кадыргазиев атасы кырсык учурунда ичкилик ичпегенин, текшерүүлөр тастыктаганын кошумчалаган.

Ошондой эле, ал кийин Kaktus.media басылмасына берген маегинде, ишти иликтеп жаткан тергөөчүлөр ишти бир тараптуу карап жатканын айткан.

«Тергөө учурунда биз президенттин кортежинин унааларынын бири артта калганын көргөн күбөлөрдү суракка алууну бир нече жолу сурандык. Менин атам жолдун четине токтогон, анын алдында дагы унаа болгон. Кортеж өткөндөн кийин, атам чоң жолго чыгып баштаган, бул учурда аны брондолгон жип келип сүзгөн. Алдыда кетип бара жаткан унаа токтогон эмес, анткени оор абалдагы аялы унаада болгон. Бирок ал жиптин кортежден артта калганын көрүптүр», — деп айтып берген ал.

Кадыргазиевдин айтымында, милиция анын атасы күнөөлү эмес экенин далилдей турган видеокаттоону дагы тергөө документтерине кошкон эмес.