ИИМ: Президенттин кортежи учураган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

ИИМдин басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган авария фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди. Кырсыктын кесепетинен президентин дарыгери каза болуп, дагы үч адам жабыркаган.

Ишти Ысык-Көл ОИИБи «Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежесин бузуу» беренеси боюнча иликтеп жатканы кабарланды.

ИИМден кошумчалашкандай, жол кырсыгына себепкер болушу мүмкүн делген шектүү адам ооруканада экенин кошумчалашты.

«Ал камакка алынган жок. Милиция автотехникалык жана химиялык экспертиза дайындады. Экспертизалардын жыйынтыгы менен жол кырсыгына кабылгандардын баарынын аракетине юридикалык баа берилет», — деп билдиришти укук коргоо органдарынан 24.kgге.

Президентти коштогон кортеж кабылган авария

Жол кырсыгы Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында болгон. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, жол кырсыгынын келип чыгышына мас абалындагы айдоочунун каршы тилкеге катуу ылдамдыкча айдап чыканы себеп болгон.

«Президент отурган унаа өтүп кетүүгө үлгүргөн, ал эми экинчи унаа буйтоого аракет кылган, бирок жетишпей калган. Сокку арткы дөңгөлөккө тийип, жыйынтыгында машина бир нече ирет аласалып кеткен. Усубалиевдин алган жарааттары өтө оор болгон», — деп 24.kg басылмасына берген маегинде билдирген.

Авариядан 37 жаштагы президенттин дарыгери Илгиз Усубалиев кайтыш болгон. Өлкө башчысынын дарыгери катары дайындалганганга чейин Усубалиев ортопед-травматолог катары Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда (БТОИИБ) эмгектенип келген. 6 жыл операцияларды жасап, кийин УКМКнын тогузунчу бөлүмүнө которулган.

«Ал мага жакын болчу, азыр анын жаназасынан келе жатам. Артында жубайы, эки уулу жана кызы калды. Улуу агасы сегиз ай мурун коронавирустун айынан көз жумган. Биз Куран окудук, ата-энеси айласын таппай жатат», — деген Бейшеналиев.

Ал жабыркагандардын дагы үчөө травматология жана ортопедия борборунун нейротравма бөлүмүнө жеткирилгенин кошумчалаган. Бирөөнө 6-июнда, экинчисине 7-июнда операция жасалмак.

Материалды даярдагандар: Нурсултан Үсөнов, Бегимай Арстанбекова жана Данияр Кенжалиев.