Таласта 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү кармалды

15-октябрда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында унаа коюп кеткен 14 жаштагы өспүрүм ошол жерде каза тапкан. Окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу 16-октябрда колго түштү.

Колго түшкөн шектүүнүн унаасы. Сүрөт: Талас ОИИББи

Талас ОИИББнын басма сөз катчысы Динара Сарногоева «Клоопко» билдиргендей, шектүү өспүрүмдү Toyota Windom унаасы менен коюп кеткен. Кырсык Чон-Капка айылынын Гребень-Плотина автожолунда түңкү саат 03:50 чамасында болгон.

Милиция 30 жаштагы айдоочуну убактылуу кармоочу жайга киргизип, «Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми 18-октябрда Манас райондук соту шектүүнү эки айга үй камагына чыгарды.

Маркум Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 9-августунда Ош облусунун Өзгөн районунда 50 жаштагы майып арабада бара жаткан жаранды артынан келе жаткан унаа коюп кеткен. Кийинчерээк Өзгөндүн милициясы айдоочуну кармаган.