Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 22-октябрда комиссияга «Ыйман Нуру» саясий партиясын парламенттик жарыштан четтетүү өтүнүчү түшкөнүн маалымдады. Жааматтык кайрылууга 100дөн ашуун киши кол койгон.
Кайрылууну «Кыргыз баалуулуктарын коргоо кыймылы» жөнөткөн. Аны философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева жетектейт.
Арыз ээлери «Ыйман Нуру» партиясын саясий бирикме «диний жана этникалык негизде» түзүлгөнүнө байланыштуу парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратуу талабын коюшкан.
Мындан тышкары, алар «радикал исламчылар менен сепаратисттерди» дагы парламенттик шайлоодо ат салышуудан четтетүүнү талап кылышкан.
Алардын маалыматына ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде шайлоого бараткан Турсунбай Бакир уулу, «Мекенчил» партиясынын директору Шүкүрбек Эркебаев жана «Азаттык» партиясынан талапкерлигин койгон Мыктыбек Арстанбек менен Руслан Бекназаровдун буга чейинки билдирүүлөрү Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен светтүүлүгүнө коркунуч туудурат.
Арыз ээлери талапкерлигин коюп жаткандардын соцтармактарда айткандарынын көптөгөн скриншотторун тиркешкен.
Мындан тышкары, алар Турсунбай Бакир уулу манас таануучу жана философ Гүлзат Аалиева менен жазуучу Зулпукаар Сапановду жаман аттуу кылуу боюнча «өзгөчө УКТны уюштурган» деп билдиришти. Кайрылууда Бакир уулунун Аалиевага каршы багытталган пикирлерин чагылдырган скриншоттор да бар.
«Ыйман Нуру»
«Ыйман Нуру» партиясы так качан түзүлгөнү белгисиз, бирок ал 2012-жылдын июнунда каттоодон өткөн. Аны «Мекеним Кыргызстан» жана «Биздин Кыргызстан» партияларын негиздеген Айбек Осмонов түзгөн.
Саясий бирикме өзүн адилеттүүлүк жана өнүгүүнүн партиясы катары тааныштырып келет. Ошол эле учурда анын урааны «Ыймандуу бийлик — берекелүү жашоо!»
2020-жылы августта партиянын лидери катары Нуржигит Кадырбеков жарыяланган. Анткени Айбек Осмонов партиянын өз каалоосу менен чыгып кеткен. Парламенттик шайлоого чейин партиянын тең төрагасы болуп Чыңгыз Макешов дайындалган.
Ал журналисттерге Осмоновго экс-бажычы, коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов басым кылгандыктан ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынан кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.
Ошол эле учурда Осмонов өзү өлкөдөн кысымдан улам эмес, бизнес боюнча иштерине байланыштуу кеткенин айткан. «Мекеним Кыргызстандын» өкүлдөрү аларга даректелген айыптарды төгүндөп, «бир дагы партияга басым болбошу керек» деп билдиришкен.
Ал эми Нуржигит Кадырбеков октябрда бийлик алмашып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылгандан кийин маданият министри болуп дайындалган. Бирок Министрлер кабинетинин курамына кирген эмес.
Аалиева деген ким?
48 жаштагы Гүлзат Аалиева эки жеке медициналык университетте философиядан сабак өтөт. Буга чейин 15-жыл Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедраны жетектеген.
Аалиева 2021-жылдын апрелинде кармалып, ага карата «расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул коомдук резонанс жараткан.
«Экспертиза көрсөткөндөй, Гүлзат Аалиеванын публикациялары инсанга жана ал туткан динге каршы чагымдарды, ошондой эле, конкреттүү дин, аны туткан адамдарды кемсинтүү, терс эмоциялык бааларды жана терс мамилелерди камтыйт», — деп Ички иштер башкармалыгынан айтып беришкен.
Милиция Аалиевага карата арыз менен ким кайрылганын ачык айткан эмес.Анда Аалиеванын тарапташтары Ак үйгө митингге чыгып, аны бошотууну талап кылышкан. Митингге Аалиеванын тууганы Нурзат Аалиева дагы катышкан. Кийин Аалиева үй камагына коё берилген.