Философ Гүлзат Аалиева «диний жана аймактык кастыкты козутууга» шектелүүдө

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева фейсбукта жарыялаган публикациясы үчүн кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. 19-февралда милицияга бир жаран арыз жазып, анда Аалиева улуттар жана диндер аралык кастыкты козутуп жатканын билдирген.

«Экспертиза көрсөткөндөй, Гүлзат Аалиеванын публикациялары инсанга жана ал туткан динге каршы чагымдарды, ошондой эле, конкреттүү дин, аны туткан адамдарды кемсинтүү, терс эмоциялык бааларды жана терс мамилелерди камтыйт», — деп Ички иштер башкармалыгынан айтып беришти.

Аалиевага карата «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Эгер сот Аалиеваны күнөөлүү деп тапса, ал III категориядагы жазага тартылышы — 5 жылдан 7,5 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Ким арыз жазды?

Милиция арыз менен кайрылган адамдын ким экенин ачык айткан эмес, бирок 24.kg басылмасы Д.У. аттуу адам экенин жазды. «Азаттыктын» айтымында, Аалиеванын үстүнөн Аида Абдырахманова аттуу адвокат арыз жазган. Ал илимпозду «исламга жана мусулмандарга каршы билдирүү тараткан» деп айыптаган.

Абдрахманова фейсбук барагында чындыгында эле Аалиевага жана анын публикацияларына арналган бир нече пост калтырган. Алардын биринде, дээрлик бир апта мурун юрист «Кыргыз элин экиге бөлгөн Гүлзат Аалиева камалышы керек» деп жазган.

Абдырахманова Аалиеваны камакка албай, эч жакка кетпөө тил каты же үй камагына чыгарса «ДА-КАН-СА» барарын убадалаган.

«Кыргыз элин экиге бөлгөн Г. Аалиева теологиялык соттук-экспертизанын корутундусу чыгар замат камалышы керек. [...] Эгерде тергөө мыйзамды бузуп, бөгөт коюу чарасына үй камагын тандап ала турган болсо, чоң жаңжал чыгат. Сарт-аркалык, теңирчи-мусулмандар деп бөлүп отурган Аалиева менен мусулмандардын ортосунда. Эгер ошол кагылышууга тергөө жол берип, үй камагына чыгарып койсо, анда мен ДА-КАН-СА барам», — деп жазган ал.

Кыргызстанда кастыкты козутуу

Кылмыш кодексинин 313-беренеси көп жолу талаш-тартышка түшкөн. Аалиевага карата да ушул берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Эксперттердин айтымында, бул берене блогерлер, оппозиция өкүлдөрү жана каршы пикирде болгондорго карата ар дайым колдонулуп келет.

Мисалы, 2019-жылы ноябрда аталган берененин жардамы менен фейсбукта белгилүү «Беспредел» паблигин модерация кылган блогер Автандил Жоробековго басым кылуу аракети болгон.

Жоробеков аймак аралык кастыкты козуткан делип кармалган, анткен менен УКМКнын туюндурмасына ылайык, ал өзү мындай өңүттө пост жазган эмес, ал постунун алдына комментарий калтырган башка комментаторлордун пикирлери үчүн жоопко тартылган. Коомчулук блогердин кармалганын терс кабыл алып, ошол эле жылы май айында ага каршы иш кыскартылган.

«Медиа Полиси Институтунун» юристтери бул берене боюнча берилген жаза башка кылмыштар менен «ченеми келишпейт» деп эсептейт. Буга мисал катары, бул берене боюнча блогер Юлия Барабинанын жана Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын айрым кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти көрсөтсө болот.

«Башкача айтканда, бир топ киши менен чогуу айтылган сөз же комментарий жазуу үчүн 7-10 жылга эркиндиктен ажыратуу жазасын тартуу мүмкүн. Мисалы, жооптуу кызматта иштеген кызматкердин мыйзамсыз байыганы үчүн 5тен 7,5 жылга чейин, ал эми башка кызмат адамдарына 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган», — деп юристтер белгилеген.

Көрсөтүлгөн берене боюнча мунапыс алуу да мүмкүн эмес — деп качкын Камран Шенваринин жактоочусу айткан. Юристтин айтымында, ууру да, киши өлтүргөн да мунапыс ала алат, бирок комментарий жазганы үчүн соттолуп кеткен кишиге мунапыс каралган эмес.

Кыргызстанда фейсбуктагы билдирүүсү үчүн оогандык качкын Камран Шинвари беш жылга эркинен ажыратылган. Ал улуттар аралык кастыкты козутууга күнөөлүү деп табылган.

Депутат Дастан Бекешев 2021-жылдын март айында «кастыкты козутуу» беренеси боюнча жазаны жеңилдетүүнү сунуштаган.

«Санкция жайылтылып жаткан маалыматтардын мазмунуна, окуялардын контекстине, айкындуулук деңгээлине, маалыматты айткан кишинин ниетине жана терс натыйжалардын келишинин ыктымалдуулугуна карабастан колдонулууда. Мыйзам жазаны белгилөөдө эч кандай жеңилдетүүчү кырдаалдарды сунуштабайт», — деп айткан Бекешев.

Анын айтымында, укук коргоо органдары жана соттор талашка түшкөн билдирүүдөгү тигил же бул сөздөрдүн потенциалдык коркунучун таразалап карап чыгууга убакыт кетиргиси келбейт, мунун натыйжасында «кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз боло турчу сөздөр чачыранды болуп кетет».

«Лингвист-эксперттер ишке соттун ордуна баа берген учурлар көбөйдү. Ал түгүл субъекттин айтылган сөздөргө катыштыгы аныкталбаганда, далилденбегенде да соттор айыптоо өкүмдөрүн чыгарган мисалдар бар», — деп депутат белгилеген.

Бекешев, эгерде адам мындай кылмышка биринчи жолу барган болсо, ага карата жазаны 3-6 миң сом айып төлөө түрүндө жеңилдетүүнү сунуштаган.

Кылмыш дагы кайталана турган болсо — III эмес, экинчи категориядагы жаза колдонуу керек: жашы жете электерге — 1,5 жылдан 2,5 жылга чейин, калгандарына — 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу.