Тажикстандын демократиялык партиясы (ТДП) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөдөгү Мургаб району боюнча билдирүүсүн сынга алды. Бул тууралуу партияга таянып Тажикстандын «Азия-Плюс» басылмасы жазды. Буга чейин Жапаров аталган район 1924-жылы Кыргызстандан Тажикстанга өтүп кеткенин айткан.
Тажикстандын расмий бийлиги Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө азырынча реакция кыла элек. Мургаб району Дүйшөмбү шаарынан миң киллометр алыс аралыктагы Тажикстандын Тоолу-Бадахшан автономиялуу облусунун аймагында жайгашкан.
«Тажикстандын аймагына көз артуу»
ТДП президент Жапаровдун билдирүүсүн «жакын коңшулук мамилени бузуу» деп атады. Алар «Тажикстан СССРдин автономиялуу республикасы болуп негизделгенден бери Мургаб району Тажикстандын аймагында жайгашканын» баса белгилеген.
«Буга чейинки дебаттарда тарыхчылар бул суроого жооп берген, маселенин кайрадан көтөрүлүп жатканы чоң чагымчылдыктын башталышы. Ал эми саясий көз караштан алганда, бул Тажикстандын аймагына көз артуу», — деп айтылат билдирүүдө.
Демократтар Тажикстан «коңшу мамлекеттин жерине көз артпайт, бирок ошол эле учурда Кыргызстандын президенти буга чейин тажик жерлеринин ижарага алуу боюнча жетишилген келишимдерди мыйзамсыз деп эсептеп, аларды кыргыздын жери деп эсептейт» деп белгилешкен.
Тажикстандын демократиялык партиясы Кыргызстандын аскердик техника сатып алганын жана бийликтин аскердик дрондорду сатып алуу боюнча билдирүүсүн дагы көңүл сыртында калтырган эмес. Билдирүүдө «өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө аскерлердин саны көбөйтүлүп, тажик чек арасына жакын аймактагы кызматкерлердин маянасы жогорулаганы айтылып жатат» деп кошумчаланган.
Партия акыркы жылдары «Кыргызстандын жетекчилиги ички саясий карама- каршылыктын айынан олуттуу маселелерге туш болду» деп эсептейт. Ошондуктан «бийлик тажик-кыргыз чек арасындагы жасалма көйгөй жаратып, Тажикстан Республикасынан “душман” жасап койду».
«Мындай жол менен, алар элдик оппозициянын толкунун жана саясий лидерлерди “мекендин душманына” — Тажикстан тарапка бура алышты. Башкача айтканда, кыргыз бийлиги ички саясий көйгөйлөрдү кыргыз элинин аң-сезиминде өч алуу менен алмаштырып койду», — деп жарыялашты демократтар.
Партия Садыр Жапаровдун саясаты «коңшу өлкөлөр жана аймактын жашоочулары үчүн кооптуу жана кыйратуучу кесепеттерге алып келет» деп эсептейт. «Бул мамлекеттин бийлиги өз элинин Тажикстанга карата терс пикирин, коркутуу-үркүтүү жана басым жасоонун деңгээлин күн сайын жогорулатып» жатканын белгилеген.
«Биз Кыргызстандын президентин жана саясатчыларын дагы бир жолу ушундай каардуу заманда карама-каршы демилгелерден оолак болууга чакырабыз жана коңшулар менен тынч жашоо саясатын жүргүзүүгө үндөйбүз. Согуш — бул маселени чечүү жолу эмес. Согуш — бул элди жана улуттарды жок кылуу», — деп белгиленет партиянын кайрылуусунда.
Ошондой эле, ТДПнын лидери жана Тажикстандын төмөнкү палатасынын депутаты Саидджафар Усмонзода «Озоди» радиосуна маек куруп («Азаттык радиосунун» тажикстандагы бюросу) Жапаровдун Мургаб тууралуу билдирүүсү — бул «мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө Тажикстанга басым жасоо» деп атады.
Партиянын билдирүүсүндө чек ара маселеси тууралуу сүйлөшүүлөр дагы белгиленген. Партия кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча иштердин создуктурулуп жатканына Тажикстан себепкер деген деген сөзүнө дагы комментарий беришкен. ТДП Тажикстан жөнүндө айтып жатып, Кыргызстандын президенти «кыргыз тараптын жоруктарын жашырып койду» деп белгиледи.
«Кыргызстандын президенти өлкөнүн чек арачыларынын Тажикстанга кол салуусун, тажик жарандары менен мектеп окуучуларына таш ыргытканын, чек араны бир тараптуу жаап алганын жана кыргыз чек арачыларынын жарандарга жана Тажикстандын жерине байма-бай кол салуусун бир дагы жолу айткан жок. Кыргыз мамлекетинин мындай аракети эл аралык мамилелердин ченемдеринен алып караганда башка өлкөгө басым жасоо катары сыпатталат» , — деп айтылат кайрылууда.
Жапаров эмне жөнүндө айткан?
23-октябрда президент Садыр Жапаров өзүнүн бир жылдык иши боюнча маалымат жыйынынын өткөргөн. Маалымат жыйында өлкөбашчысы журналисттердин суроосуна да жооп берген.
Анда баткендик журналист Мамажан Бердишев президентке төмөндөгүдө суроо узаткан: «Эмне үчүн чек ара маселесин ушул кезге чейин чечпей отурасыз? Май айында биздин 36 мекендешибиз каза болду, дагы канчасы каза болуш керек?
Жапаров бул маселени «бүгүн болсо бүгүн» чечкенге даяр экенин айтып, бирок маселе бизден көз каранды болбой жатат деп жооп берген. Анын айтымында бул жерде талаштуу үч маселе бар: Төрт-Көчөдөгү аймак, Ворухка кеткен жол жана Баткен менен Лейлек райондорундагы талаштуу аймактар.
«Юридикалык жактан биздики туура» — деп белгилеген Жапаров. Ошондой эле Төрт-Көчө боюнча суроого кенен токтолгон. Ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2009-жылы кол койгон протоколду көрсөткөн. Ал кезде Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турган.
Жапаровдун айтымында, дал ушул документтин айынан Дүйшөмбү Баткендеги жерлердин бирин талашып жатат.
«Мен айтып атам, бул жер жүз жылдан бери биз Лейлекке өтүп жүргөн жол. Алар мына Коопсуздук кеңештин катчысы Мадумаров кол коюп берген документ деп бетиме такап атат. Ал [...] ошол 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм, ооба, силердики деп бериптир дагы, бирок кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп кол коюптур. Ошону менен ушул протокол менен силер 49 жылга арендага алгансыңар силер деп атат. 12 жылыңар өттү, 37 жылдан кийин же жабабыз же кайра сүйлөшүүлөрдүн негизинде улантабыз деп жатат. Мен ал убакта Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес, эч ким ага ыйгарым укук берип жиберген эмес, юридикалык жаткан [бул документ] жараксыз деп билдирдим. Анткени эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси кандай чечилет? Биринчиден, расмий түрдө эки өлкөнүн өкмөттөр аралык коммисиялары иштейт. Алар макулдашып, келишимге кол коюшса президентке келет, андан кийин ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Башка бир дагы түзүм кол койгонго акысы жок кол койгонго. Мен ошого таянып, бул протокол жараксыз деп айтып жатам. Бул жерде талаш маселе жок, башка жерлерге өтөлү деп атып жатам. [...] Эгерде ушуну менен чечиле турган болсо, анда 37 жыл деле көз ачып жумганча өтүп кетет. 37 жылдан кийин Лейлек толук анклав болуп калат», — деп айтып берген Жапаров.
Мадумаров өзү президенттин бул билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек. Буга чейин деле ушул протоколду көтөрүп, Мадумаровго сөөмөй кезегендер болгон. Саясатчы бул маселе боюнча бир канча жолу өз оюн айтып, ал кол койгон протокол туура экенин айткан.
«Бүгүнкү күнү дал ушул протокол болгон үчүн Сүлүктүдөн чыккан унаалар тоскоолдуксуз Кыргызстанга, Бишкекке өтө алат. Бул протоколду Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Демек ал эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес», — деген ал 2019-жылы.
Жапаровдун айтымында Лейлек жана Баткен райондорунда 210 миң гектар жердин башы ачыла элек.
«Алар 1924-жылы бул жерлер силерге өтүп кеткен, кайра бересиңер деп жатат. Мен андай болсо, 1924 жылы силерге 3 млн гектар Мургабды силерге бергенбиз деп жооп бердим. Силер бул жерди бизге кайтарып бергиле. Мен ошол жакка элимди көчүрүп кетем. Бирок алар буга акул эмес. Азыр өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Өткөндө дагы 8 км жерди такташты. Буюрса алдыда эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилет деп ишенем», — деп белгилеген Жапаров.
Анын айтымында, Кыргызстан ушул участкаларда мамлекеттер арасындагы чек араны делимитация жана демаркациялоо иштери 1991 жана 1994-жылдардагы декларация боюнча жүргүзүлүшүн талап кылууда.
«Бул биздин эң акыркы мыйзамдуу документибиз. Алар [Таджикистан] 1924-жылкы карта боюнча сунуштап жатышат. Бирок биз макул эмеспиз. Анткени, ал кезде биз дагы, алар дагы Кыргыз ССР, Тажик ССР болгон эмес […] Демек, 1924-жылдагы картаны мыйзамсыз деп койсок болот» , — деп билдирген Жапаров.
Ал кыргыз-тажик чек арасындагы талаштын көпчүлүгү айрым саясатчылар менен байыркы ата-бабалардын айрымдарынын саясий, мамалекеттик ишмердүүлүк боюнча катачылыгынан болуп жатат деп белгилеген.
Президент кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар делимитация жана демаркация иштери аяктагандан кийин токтойт деп айтты.
Такталбаган чек арал жана жаңжалдар
Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 970 километрди түзөт. Октябрь окуяларынан улам Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин, анын 519 чакырымы делимитация жана демаркация болгон. Чек аранын такталбаган аймактары эки өлкөнүн тургундарынын ортосундагы жер, суу, чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча жаңжалдарга себепчи болуп келет.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.
Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Тажикстан тарап куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.
Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.
Куралдуу кагылыштан кийин эки өлкөнүн өкмөттөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо үчүн сүйлөшүүлөрдү баштаган. Өкмөттүк делегация түзүлгөн жана бир катар жогушууларды өткөрүшкөн. Учурда иш уланып жатат.