Алайдын Согонду айылынын тургундары көмүр кенин чалгындоого каршы акцияга чыгышты

Сүрөт: «Азаттык»

Ош облусунун Алай районуна караштуу Согонду айылында 27-октябрда көмүр казган «Бикипинг» компаниясынын ишмердүүлүгүнө каршы 100гө жакын адам нааразычылык акцияга чыгышты.

Алар кытайлык инвесторлорго таандык «Бикипинг» жоопкерчилиги жектелген коому жергиликтүүлөрдөн уруксат албай туруп, айылдын балансындагы жерге үч контейнер орнотконун айтышууда.

Тургундардын маалыматы боюнча аталган компания Тайгак-Таш аймагында компания чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алып, быйыл 119 гектар жер үчүн 23 миң салык төккөн. Анткен менен бийликтегилер уруксат берүүдө аймак Улуу Жибек жолуна жана Гүлчө дарыясына жакын жайгашканын эске алышкан эмес.

«Көмүрдү өзүбүз деле казып иштетип, киреше тапсак болот эле. Бирок элге чоң зыяны бар үчүн биз иштетпейбиз. Кайсы бир компания келип иштетсе деле баары бир экологияга жана элге чоң зыян да. Бизге дагы ден соолук керек. Тиешелүү органдарга кат жолдогонбуз, бирок алгылыктуу жооп болгон эмес», — деп ачууланды тургундардын бири Муктарбек Курманбаев.

Алайлыктар акцияга «Биз көмүр казууга каршыбыз!», «Айыл жергесиндеги жаратылышты сактоо ар бир адамдын аманаты!», «Таза сууну, таза абаны булгаба!», «Согонду айылынын эли көмүр кенин ачууну бербейт» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

«Биз бийликке толтура кат жолдогонбуз. Мыйзам боюнча каттын жообу 10 күндө келиши керек. Бирок бир да жолу келген эмес. Мен 40 жыл дарыгер болуп эмектендим. Өзүмдүн тажрыйбамдан айтсам, көмүрдүн калдыктары экологияга дагы элге дагы терс таасирин тийгизет. Бул жерде эл жашайт. Мөмө-жемиштер бар, алар куурайт. Үлүш жерлер талкаланат. Гүлчө суусу бар, аны эл ичит. Дарыяга зыяндуу заттар түшөт да», — деп нааразы болду элеттиктердин бири.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Ал эми эл менен жолугууга барган Алай районунун акимдин биринчи орун басары Ильяз Ташкуловдун айтымында, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан, бирок тургундар жыйындан чыгып кетишкен. Ал компания мыйзам чегинде иш алып жатканын айтат.

«Мамлекет “Бикипинг” ишканасына чалгындоого уруксат берген. Компаниянын бардык тиешелүү документтери бар. Мен эколог эмесмин. Бирок экологияга зыяны жок деген документи бар. Көмүр казгандан кийинки калдыктары кайда төгүлөт мен аны билбейм […] “Экологияга зыяны тиет” деп бардыгын сатпайлы анда. Экономиканы өстүрүш үчүн кенди иштетиш керек», — деди акимдин орун басары.

Анын айтымында, «Бикипинг» беш мамлекеттик ишканадан уруксат алган.

Анткен менен айыл өкмөт башчы Кылыч Мусаев жер айылдын балансында экенин белгиледи. Мусаев компания контейнерлерди уруксатсыз жайгаштырганын айтып, тиешелүү органдарга кабар бергенин айтат.

«Компания 2016-жылы лицензия алып, ошондон бери салыгын төлөп келе жатат. Лицензия мага чейинки айыл өкмөт башчыларынын тушунда алыныптыр. Булардын контейнер алып келип койгонун мен билген эмесмин. Мен тиешелүү органдарга айткам. Ошолор чечим чыгарышат», — деди ал.

Аталган айылда көмүр кенин иштетешине каршы акция биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин 2020-жылдын февраль айында «Бикипинг» компаниясынын ишине каршы митинг өткөн.

Анда компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Мустафа Турганбаев компания Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинен кенди изилдөөгө уруксат алганын билдирген. Тургунбаев элеттиктерге кенди иштетүүдө экология бузулбайт деп ишендирген.

«Акцияны бирөөлөр уюштуруп эле, элди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып атат. Биринчиден Оштон Бишкекке чейин чогултуп алып келип атат. Учурда көмүр барбы же жокпу карап жатабыз», — деген Турганбаев.

«Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому Юстиция министрлигинен үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында кайра каттоодон өткөн. Министрликтин базасындагы маалымат боюнча негиздөөчүсү катары «Тиэнь Йоу» ЖЧКсы жана Мустафа Турганбаев көрсөтүлгөн.

«Тиэнь Йоу» ЖЧКсынын директору катары Лю Пужун көрсөтүлгөн. Аталган компания 2020-жылы 8-майда Ош облусунан каттоодон өткөн. Компания көмүр казып алуу менен алектенет.