«Гүлчө дарыясы булганат». Алайдын тургундары көмүр кенин иштетүүгө каршы

Согонду айылындагы тургундардын жыйыны. Сүрөт: Жергиликтүү тургун

Ош облусунун Алай районунун Согонду айылында 100дөн ашуун тургун көмүр чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан «Бикипинг» компаниясынын ишине каршы акцияга чогулушту.

Нараазы болгон тургундардын бири Миртемир Рахманбердиев «Клоопко» билдиргендей, компания айылга жакын жайгашкан Тайгак-Таштагы кенде иш баштоодон мурда жергиликтүүлөр менен макулдашкан эмес. Ошондой эле акцияга чыккандар ишкана көмүр казууну баштаса Гүлчө дарыясы булганат деп кооптонушат.

«Бул аймак биздин жайыт болуп эсептелет. Март айынан тартып жайлоого чыкканга чейин ушул жерди жайыт кылып иштетебиз. Жайлоодон сентябрда келип, кар жаагыча дагы жайыт кылабыз. Анан да ал жерде айыл тургундарынын жер үлүшү да бар. Көмүр казабыз деген компаниянын ишине биз башынан бери нааразы болуп келатабыз. Иштей баштаса ичер суубузду да булгайт», — дейт Рахманбердиев.

Ал эми Ленин айылдык кеңешинин депутаты Муктарбек Курманбаев бүгүнкү нараазылык акциясы биринчи жолу эмес экендигин «Клоопко» маалымдады. Ал буга чейин да бир нече жолу элдер чогулуп, 650 тургундун колу коюлган токтом жазылып, акимге, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жөнөтүлгөн деп айтты.

«Бул жер айыл тургуну Курманбек Атиевге 1990-жылдан бери таандык. Көмүр казуу компаниясынын өкүлүнөн башка бирөөнүн жерине контейнерлерди эмнеге коюп алдың десек, мен төлөп берем деп жатат. Учурда компанияга карата мыйзамсыз жерди казгандыгы жана жердин ээсинин уруксаты жок контейнерлерди коюп алгандыгы үчүн кылмыш иши козголуп жатат», — деди Курманбаев.

Курманбаев жергиликтүү тургундар Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын иштен кетүүсүн талап кылып жаткандыгын кошумчалады. Депутат буга чейинки чогулуштардан кийин айыл өкмөт башчысы маселени чече албады дейт.

«Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Мустафа Турганбаевдин айтымында, компания Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинен кенди изилдөөгө уруксат алган. Ал экология бузулбайт деп ишендирет.

«Акцияны бирөөлөр уюштуруп эле, элди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып атат. Биринчиден Оштон Бишкекке чейин чогултуп алып келип атат. Экинчиден ал жерден көмүрдү казып сатканга биздин акыбыз да укугубуз да жок. Мамлекет да уруксат бербейт. Бул жерде чалгындоо иштери гана аткарылып жатат. Көмүр барбы же жокпу карап жатабыз», — деди Турганбаев.

ЖЧКнын өкүлү аларга карата «бардыгын өрттөйбүз» деген коркутуулар болуп жатканын кошумчалады.