Өрүкзарлуу Баткен облусу күзүндө алтын түскө боёлуп, кулпуруп турган чагы. Жол катары өрүк багын, бейкапар ойноп жүргөн бөбөктөрдү, мектептен кайткан окуучуларды кезиктирүүгө болот. «Клооптун» оператору Тойчубек Артык уулу жана журналисти Айбике Адилет кызы Баткен — Лейлек жолунан сүрөт баян даярдады.

Бужум айылы. 22-октябрь күнү Баткен облусунун тоолуу аймактарына кар жаап, муздак шамал согуп турду. Бир эле күнү эки башка мезгилди кезиктирүүгө мүмкүн болду.

Төрт-Гүл. Суу сактагычтын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал эми узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Төрт-Гүл Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Көк-Таш айылы, Шайдулла Ганы атындагы орто мектеби. Тажикстан менен чектешкен бул айылда такталбаган аймактардан улам көп чыр чыгат. Бир ай мурда эле Баткен ОИИБи аталган мектептин төрт окуучусу тажик өспүрүмдөрү тарабынан сабалганын билдирген.

Үйүнө суу ташып бараткан ата. Көк-Таштыктарда суу көйгөйү да бар, таза суу Төрт-Гүл суу сактагычынан келет. Чыр-чатак чыккан учурларда суу берүү токтотулат.

Талаадан кайткан балакай. Баткен району.

Үч бөбөк.

Баткен районунун Кара-Булак айылы. Айылдагы дарактардын саргайып түшө баштаган жалбырактарын ак кар басыптыр, 22-октябрь, 2021-жыл.

Бейкапар балалык. 

Мектептен кайткан окуучу маршрут күтүп жаткан учуру. Баткен району.

Исфанага карай жол.

Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде...

Исфана шаарынын кире бериши. Бул аймакка кар көбүрөөк жаады.

Лейлек району, Максат айылынын кире бериши. 23-октябрь, таңкы саат сегиздер чамасы.  Айылдын кире беришиндеги арка чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин курулду. Маалыматка ылайык, анын баасы 1 млн 780 миң сомду түзөт. Мындан улам жергиликтүүлөрдүн айрымдары «бул каражат акчага муктаж жабыркагандарга берилсе болмок» деген пикирде.

Максат айылы. Аталган айылда чек ара жаңжалында 89 үй жана соцобъекттер өрттөлүп, айрымдарынын буюмдары тонолгон. Жалпысынан айылда 1 200 киши түтүн булатат.

Максаттагы жаңы бүткөн үйлөр. Президенттин администрациясы үйлөр 27-августта пайдаланууга берилгенин билдирген. «Клооптун» журналисттери менен маектешкен айрым тургундар үйлөрүнө көчүп киргенине он күндөй эле болгонун айтышты. Алар үй тикеленгенден кийин электр энергиясы уланышын, жылытуу системасы орнотулушун күтүшкөн.

Өрүкзар. Максат айылы.

Максат айылынын чыга бериши.

Лейлек районунун Интернационал айылы. Алтын күз. Бул айыл чек арадагы куралдуу жаңжалда шейит кеткен 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын кичи мекени.