Сегизинчи кабаттан секирген баланын өлүмүнө байланыштуу ӨКМ ички иликтөө баштады

ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкекте курулуп бүтө элек имараттын сегизинчи кабатынан секирген 22 жаштагы баланын өлүмү боюнча ички иликтөө башталганын кабарлады.

ӨКМден курулуш иштери жүргөн үйдүн чатырындагы бала тууралуу маалымат 27-октябрда саат 12.30да келип түшкөнүн айтып беришти. Окуя болгон жерге куткаруучулар, эки психолог жана тез жардам кызматы барган.

«Бала башында эле, чечкиндүү түрдө өз өмүрүн кыюууга белсенгенин белгилейбиз. ӨКМдин психологдору жаш жигит менен сүйлөшүүнү токтоткон эмес», — деп билдиришти ведомстводон.

Алар психологдордун төрт саатка созулган аракетинен кийин бала түшүп, бери басканын, бирок «ал күтүүсүздөн артка кайрылып, чуркап келип сегизинчи кабаттан секирип кеткенин кошумчалашты.

Чатырдан боюн таштагандан жигитти тез жардам кызматы алып кеткен. Бирок ал ооруканага бараткан жолдо каза болгон.