Сегизинчи кабаттан секирген бала ооруканага жетпей каза болду

Бишкектеги Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имараттын сегизинчи кабатынан секирген 22 жаштагы бала каза болду.

Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери жаш жигит менен бир нече саат бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок бул эч кандай жыйынтык берген жок.

Фото: Акипресс

Бала имараттан секирген соң, аны тез жардам унаасы алып кеткен. Кийин «Акипресс» басылмасы милицияга таянып, жигит ооруканага бараткан жолдо өзүнө келбей каза болгонун жазган. Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жеринде 5 куткаруучу, тез жардам бригадасы жана ИИМдин кызматкерлери иштеген. Ведомство жаш улан эмне себептен чатырдан секирүү чечкенин кабарлашкан жок.