«Империя пиццыдагы» уулануу. Сальмонелла деген эмне?

«Империя пиццы» кафелер тармагы 300дөн ашуун адам ууланган чуудан кийин 29-октябрда кайрадан ишин жандантты. Буга чейин 23-октябрдан тартып тамак-ашка ууланган жарандар инфекциялык ооруканага кайрыла баштаган.

"Империя пиццы" кафеси 

Алгач ооруканага 12 киши кайрылып ууланганын билдирген, бирок кийин кайрылгандардын саны өсүп баштаган жана 28-октябрда 318 кишиге жеткен. Саламаттык сактоо министрлигинин 29-октябрдагы маалыматына ылайык, жабыркагандардын 22си учурда дагы эле ооруканада, алардын бешөө — жаш балдар.

Массалык уулануудан кийин 25-октябрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Империя пиццы» кафесинин бардык филилалдарын эпидиликтөө аяктаганга чейин убактылуу жабуу чечимин кабыл алган.

Төрт күн өткөн соң Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашев 24.kg’ге маек куруп, анализ сальмонеллез бар экенин аныктаганын айтып берген. «Клооптун» редакциясы сальмонеллез деген эмне, ал кантип пайда болорун билип көрүүнү чечти.

Дисклеймер: Эгер сиз өзүңүздө сальмонеллездин белгилерин байкасаңыз, дароо врачка кайрылуу керек. Өзүн өзү дарылоо өмүргө коркунуч жаратат.

Сальмонеллез деген эмне?

Сальмонеллез —Salmonella тукумундагы бактериялар козгой турган жугуштуу оору.

Сальмонелла бактериялары. Сүрөт: Live Science 

Сальмоноллезге кабылгандарда инфекциянын булагы үй жаныбарлары, канаттуу жана балык болушу мүмкүн. Сальмонелла ооз жана заң аркылуу жугат. Бирок тамак-аш жасоодо ооруп жаткан адам аралашкан учурда дагы жугушу ыктымал.

Сальмонеллездин алгачкы белгилери дароо байкалбашы мүмкүн. Орто эсеп менен, булганган азыкты жегенден кийин 12-48 сааттын ичинде оорунун белгилери пайда болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, сальмоноллездин белгилери салыштырмалуу жеңил өтөт жана көп учурда ооругандар атайын дарылоосуз эле айыгып кетишет. Бирок кээ бир учурда, өзгөчө жаш балдар менен кары-картаңдар, ич өткөктөн улам сууну көп жоготуп, анын кесепети өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Сальмонелла — өтө коркунучтуу, оңой менен жоголбой турган бактерия. Алар азык-түлүктүн сырткы көрүнүшү менен жытына эч кандай таасир бербейт, бирок тамак-ашта жашап, көбөйө берет. Куралданбаган көз менен азыкта бактериялар бар экенин аныктоо дээрлик мүмкүн эмес.

Сальмонелла — өтө коркунучтуу, оңой менен жоголбой турган бактерия. Алар азык-түлүктүн сырткы көрүнүшү менен жытына эч кандай таасир бербейт, бирок тамак-ашта жашап, көбөйө берет. Куралданбаган көз менен азыкта бактериялар бар экенин аныктоо дээрлик мүмкүн эмес.

Сальмонелла абдан чыйрак, 30 күндөн ашык муздаткычта сакталган бүтүн жумуртканын кабыгынан өтүп, сарысына барып көбөйө берет.

Сальмонелладан кантип арылса болот?

Бул бактериялар иштетүүнүн ар кандай түрүнө туруктуу. Булганган азыкты кайнатып же ультрафиолет нуруна түз кактоо аркылуу гана жок кылууга болот.

Тоңдуруу бактерияларды жок кылбайт. Ыштоо же туздоо дагы жардам бербейт.

Ошондуктан сальмонеллаз көп учурда жумуртканы чийки же чала бышырып, жакшы кайнабаган же чала куурулган тоок этин жеген учурларда жугат. Бул категорияга тоок-гриль, үй шартында жасалган салат, жана башка эт жана сүт азыктары кирет.

Өтө маанилүү! Эл арасында бөдөнөнүн жумурткасында сальмонелла жок, анткени бытпылдыктын дене табы Цельсий боюнча 42 градусту түзөт деген түшүнүк бар. Чынында эле, бөдөнө сальмонеллез менен оорубайт, бирок бактерияны алып жүрүүчү, таратуучу болуп саналат. Ошондуктан бөдөнөнүн жумурткасын дагы жакшы бышырып жеген туура.

Сальмонеллездин алдын алуу

Оорудан оолак болуу үчүн, сальмонеллездин алдын алуучу бир канча жөнөкөй эрежелерди сактоо жетиштүү:

  • Колду самын менен жакшылап жууш керек (айрыкча ажатканаага баргандан кийин жана тамактануу алдында).
  • Тиешелүү уруксаты жок жайлардан эт, канаттуунун этин, жумуртка, быштак, сүт, сары май, сыр жана башка азыктарды сатып албаш керек.
  • Даяр тамак аш менен чийки затты эки башка тактайда кесүү зарыл.
  • Ашкана буюмдарын таза жууп, кайнак суу менен чайкаңыз;
  • Жумуртканы суу кайнагандан кийин дагы 10 мүнөттөн кем эмес отто кармаңыз, канаттуунун эти — 40 мүнөт, мал этин — 2 сааттан кем эмес.
  • Эч качан чийки фаршты татып көрбөңүз.
  • Чийки сүт ичпеңиз!
  • Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды агын сууга, андан соң кайнак сууга жууган туура.
  • Жумуртка сатып алганда мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Жарактуу мөөнөтү — 25 күн.