«Империя Пиццанын» бардык кафелери убактылуу жабыла турган болду

«Империя пиццанын» бардык тармактык кафелери 25-октябрдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун «Тамак-аш гигиенасы» бөлүмүнүн жетекчиси Махамат Мурзашевага таянып «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Мурзашеванын айтымында, массалык уулануудан соң кафенин баардык филиалдарында эпидемиологиялык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүнө тамак-ашка ууланып меджардам сурап кайрылгандардын саны 85 адамга жеткенин 25-октябрь күнү эртең менен Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, уулангандардын баары кафенин Бишкектеги ар башка филиалдарынан тамактанган. Буга чейин министрлик «Империя Пиццадан» ролл жеп 12 киши ууланганын кабарлаган.

Ал эми «Империи пицца» өзү 24-октябрда ууланууга себеп делген суши жана роллдор буюртмадан алынганын маалымдаган. Ошондой эле кафеден текшерүү иштери аяктаган соң расмий маалымат берилерин кошумчалашты.

Башкы беттеги сүрөт: «AKIpress»