Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Глазго шаарында королдук үй-бүлөнүн кабыл алуусунда болду. БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган конференциянын алкагындагы кечки кабыл алууга башка өлкөлөрдүн башчылары жана делегация жетекчилери катышты.
Жапаров герцогиния Кейд Мидлтон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен сүрөткө түшүүгө үлгүрдү.
Ал АКШ президенти Жо Байден менен да кол алышты.
Королдук үй-бүлөнүн атынан конокторду принц Чарльз тозуп алды. Бирок Жапаровдун фотоальбомунда принц менен түшкөн сүрөтү жок.
Кечки кабыл алууда президент Германиянын канцлеринин м.а. Ангела Меркель жана башка дүйнө лидерлери менен дагы жолукту.
Күндүз Жапаров саммиттин аянтында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алар күн тартибиндеги регионалдык жана эл аралык актуалдуу өңүттөр боюнча пикир алмашты.
Мындан сырткары, Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөштү. Моди президентти 2022-жылы расмий сапар менен Индияга келип кетүүгө чакырганы кабарланды.
Ошондой эле президенттик администрация Жапаров Армения, Монголия президенттери жана Исландия менен Канаданын өкмөт башчылары менен жолукканын маалымдады.
Мындан сырткары, Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кийинки беш жылда климаттык каржылоонун өлчөмүн 150 млн АКШ долларына чейиг жогорулатууну сунуш кылды.
Ошондой эле, Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Жассир менен кызматташуу маселелерин талкуулап, кызматташууну кеңейтүүнү колдоого даяр экенин билдирди.
Кыргызстан 2030-жылга чейинки улуттук деңгээлде аныкталган салымды кабыл алып, Париж келишимин жактаарын белгиледи.
Бул эмне болгон жолугушуу, ал кайда өтүп жатат?
Шотландиянын Глазго шаарында (Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу) БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы өтүп жатат.
Конференцияда конвенциянын катышуучулары климаттык максаттарын жарыялап, буга чейинки кошкон салымдарына баа берип, Париж келишиминин таасир берүү механизмдерин талкуулашат.
Бул келишим 2015-жылдын 12-декабрында Парижде кабыл алынган. Ага 196 өлкө катышып жатат. Талкуу эки аптага созулат.
Макулдашуу климаттык катастрофанын алдын алуу үчүн глобалдык температураны индустриалдык доорго чейинки (тагыраагы XVIII кылымдын ортосу) деңгээлге салыштырмалуу 1,5 градустан ашырбай кармап турууну максат кылат.
Бирок, соңку маалыматтарга ылайык, биздин планета индустриалдык доорго чейинки деңгээлге салыштырмалуу 1,06–1,26 градуска «жылыган». БУУ атмосфераны булганч чыгындылар булгабоо боюнча убадалар аткарылган күндө деле, кылым соңунда температура Цельский боюнча дээрлик 2,7 градуска көтөрүлөт.