Укук коргоочу Валентина Чупик 2-ноябрь күнү кечинде Подольсктогу үйүн «полиция кайрадан басып кирүүгө аракет кылганын» кабарлады. Чупиктин айтымында, бул жолу укук коргоо кызматкерлери анын 85 жаштагы апасын өлкөдөн чыгаруу үчүн депортациялык абакка алып кетүүгө аракет кылышкан.
«Менин апам жакында 85ке чыгат, ал төшөктө жаткан I топтогу майып, остеопороз (сөөктөрдүн морттугу) оорусунан улам өз алдынча басып тура албайт, жүрөгү жана бөйрөктөрү дагы ооруйт. Ал депортациялык түрмөнү эмес, ага чейинки жолду дагы көтөрө албайт. Ал эми абакка камоо тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес», — деп жазды укук коргоочу фейсбук барагына.
Укук коргоочу полиция кызматкерлеринде текшерүүгө уруксат берген токтом же буйрук, тинтүү жүргүзүүгө же камакка алууга ордер, эч кандай документтери болбогонун баса белгиледи.
«Полицияда текшерүүгө уруксат берген документтери болгон күндө дагы, апам өлкөдө жүрүү мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопко тартылбайт. Анткени ал өзүнүн документтерин узартууга физикалык, юридикалык жактан дагы жөндөмдүү эмес» — деп белгиледи Чупик.
Укук коргоочунун айтымында, Орусияда мигрант өзү миграциялык каттоого туруу укугунан ажыратылган, ал эми Чупик өзү кабыл алуучу жак катары каттого тургуза алмак эмес, анткени ал мыйзамсыз кармалып, күч менен өлкөдөн чыгарылган.
«Аны менен катар, Орусияда 70 жаштан жогорку курактагыларга өлкөдөн чыгарып салуу административдик жазасы колдонулбайт, ал эми депортациялык абак аркылуу күч менен чыгаруу тууралуу сөз дагы болбошу керек», — деп белгиледи ал.
Мындан сырткары, апасы Арменияда жүргөн Чупикке учуп баруу үчүн, Өзбекстандын элчилигине жалпы жарандык паспорт алуу үчүн документтерин өткөргөн. Чупик элчиликтен Орусиянын ИИМне укук коргоочунун өзбек эчилигинин коргоосунда экенин, документтери даяр болгондо өз ыктыяры менен Орусиядан чыгып кетерин эскертишкенин билдирди.
Укук коргоочу полициянын иш-аракети мыйзамсыз экенин, апасынын өмүрүнө коркунуч туудурганын айтып чыкты. Ал полиция апасын барымтага алып, анын укук коргоо ишмердүүлүгүн токтотууну мажбурлоону максат кылып жатат деп эсептейт.
«Мага карата басым жасоонун кийинки этабы өмүрүмө коркунуч жаратуу болот деп болжоп турам. Анткени мени мигранттарга жардам бере албайсың деп коркутуу мүмкүн эмес — өлтүрүп эле коюшпаса», — деп жазды Чупик.
Полиция анын Подольсктогу үйүнө биринчи жолу эле келген жок. Чупиктин айтымында, полиция 27-сентябрда дагы Чупиктин энесинин үйүн басып кирип, тинтүү жүргүзүп, ал үйдө жашаган апасынын документтерин талап кылган болчу.
Чупик деген ким жана ал эмне үчүн Орусиядан чыгарылган?
Валентина Чупик — укук коргоочу жана эмгек мигранттарына жардам берген коммерциялык эмес «Тонг Жахони» («Дүйнө таңы») уюмунун жетекчиси. Аталган уюм укук коргоо органдары тарабынан басымга же башка көйгөйлөргө кабылган мигранттарга бекер юридикалык жардам көрсөтөт.
Чупик — Өзбекстандын жараны. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал Орусияга 2005-жылы келип, өлкөдө качкын катары жашап жүргөн.
25-сентябрга караган түнү Армениядан учуп келген Чупикти Шереметьево аэропортунан Орусиянын ФСБ (Федералдык коопсуздук кызматы) кызматкерлери кармап, депортациялоо үчүн атайын кармоочу жайга киргизген. Кармалганда ФСБнын кызматкерлери ага «качкын» макамынан ажыратуу тууралуу билдирме тапшырып, 2051-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынганын билдиришкен.
Чупиктин «качкын» макамы жасалма документ пайдаланып жашап жүрүүгө шектелгендиктен алынган. Орусия бийлиги укук коргоочу «качкын» макамын алууда атайылап жалган маалымат берген же жасалма документ көрсөткөн» деп эсептейт. Укук коргоочу айым бул айыптоолорго макул эмес жана «сандырак кеп» экенин белгилейт.
Укук коргоочунун кесиптештери анын өлкөдөн чыгарылышы — укук коргоо органдарынын өч алуусу деп эсептеген. Ал эми Чупик күч органдарынын кызматкерлери ага түз эле ошондой экенин айтканын белгилейт.
Тема боюнча окуңуз: Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияга Валентина Чупикти депортациялоого тыюу салды
Чупик Орусиядан Өзбекстанга департациялоодон кача алган. Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) ага тыюу салган.
2-октябрь күнү, 8 күн өткөндөн кийин гана, Чупикке үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Ал Арменияга учуп кеткен. Укук коргоочу эми Орусиядагы мигранттарга аралыктан укуктук жардам берип жатат.