27-октябрда «МедиаХабдын» журналисттери YouTube-каналына «ФинТерминал» жоопкерчилиги чектелген коомунун («Акчамат» соода маркасы) ишмердүүлүгү тууралуу иликтөө жарыялады.
Алар компания эч кандай уруксат документи жок эле, жылына 684% үстөк менен насыя берерин аныкташкан.
«Акчамат» биздин ишмердүүлүк мыйзамдуу деп жатат. Бирок Улуттук банк компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, «алардын ишмердүүлүгүнүн мыйзам чегинде кароону» суранганын «Клоопко» билдиришти.
«Акчаматтар» кандай иштейт, анын айланасында суроо жараткан жагдайлар тууралуу айтып беребиз.
«Акчамат» деген эмне?
2019-жылдын апрель айында Бишкекте бир мүнөттө насыя берген «Акчамат» терминалдары пайда болгон. Компания атайын терминалдар аркылуу тез насыя берүү менен алектенишет.
Алар көбүнчө чоң-чоң соода борборлордо жана супермаркеттерде коюлган. 2019-жылы компаниянын 12 терминалы болсо, учурда компаниянын сайтындагы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча маалыматка таянсак, терминалдардын саны 30дан ашкан.
Андай терминалдан жарандар эч кандай күбөлөндүрүүсүз, документ топтобой эле зайымдарды алса болот. Бирок ал үчүн насыя алгысы келген адам өзүнүн жеке маалыматтарын, паспортунун көчүрмөсүн жана манжаларынын изин бериши керек. «Акчамат» 15 күндүк мөөнөткө 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча берет.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «ФинТерминал» ЖЧКсынын директору Динара Өмүрбекова. Ал эми негиздөөчүсү Владимир Радостовец. «Акчабардын» маалыматына таянсак, ал казакстандык саясатчы Николай Радостовецтин баласы.
Өмүрбекованын оюу боюнча, компания эл аралык компаниялардын тобуна кирет. Ал ушундай биринчи компания 2014-2015-жылдары Алматыда пайда болгонун айткан. Өмүрбекова компания ушундай бизнес-модель менен жакынкы жана алыскы чыгыштагы 15тен ашык өлкөдө иштерин кошумчалаган.
«Көйгөйлүү насыя»
Иликтөөчү-журналисттер «Акчамат» карыз алгандардын кирешесин текшербей эле насыя берерин белгилешет. Компаниядан зайым алгандардын көпчүлүгү туруктуу кирешеси жок адамдар, мындан улам алар төлөө мөөнөтүн өткөрүп жиберишет. Бул фактыны компания өзү деле мойнуна алат.
«Акчаматтын» директорунун айтымында, насыялардын 80%ы «көйгөйлүү» болуп саналат.
«Каржылык жактан кыйналгандыктан кечигишет», — деди Өмүрбекова «МедиаХабдын» журналисттерине берген маегинде.
Ошентсе да, Өмүрбекова кардарлардын киреше булагын текшербей туруп зайым берүү фактысы менен 80 пайыз «көйгөйлүү зайымдардын» ортосундагы байланышты көрбөйт экен.
«Карыздардын көлөмү тууралуу айта турган болсок, бизде карыздын орточо суммасы 1 200 сомдун тегерегинде», — деп белгилейт Өмүрбекова.
Жылдык үстөгү 700%га жакын
«МедиаХабдын» иликтөөчү-журналисттери «Акчаматтын» кардары Надираны табышты. Ал — бир жашар кызы бар жалгыз бой эне. Надиранын айтымында, ал ар башка айларда «Акчаматтан» 28,5% үстөк менен 10 миң сом өлчөмүндөгү каражатты 15 күндүк мөөнөткө насыяга алган.
Биринчи алынган насыяны үстөк пайызы менен 12 850 сом өлчөмүндө төгүп берген. Ал үчүн эжесинен карызга акча алган. Бирок карызын кайтарып берүү үчүн Надира кайра эле «Акчаматтан» карызга 10 миң сом алган.
Анын айтымында, карызын төгүүнү кечиктирип, андан кийин кутулуш үчүн 16 миң сом төгүүгө аргасыз болгон.
«Акыркы жолу 17-сентябрда 15 күнгө 10 миң сом алгам. Азыр болсо бир айдан ашып кетти, төлөй албай жатам. Үстөк пайызы абдан көбөйүп кетиптир. Кечээ компаниядан ишиңиз юридикалык бөлүмгө өттү деп билдирүү жөнөтүштү», — деп айтып берген Надира.
Журналисттер «Сүткорлук ишти чектөө» жөнүндө мыйзамга ылайык, насыянын жылдык пайызы 31% жогору болбошу керек экенин белгилешет.
«Эгер 28,5% бир жылга көбөйтсөк 684% болот. Бул чектөөдөн [31%] 22 эсе көп. Мындан тышкары, туумдар дагы бар», — дейт алар.
Өмүрбекованын айтымында, баштапкы пайыздык чен карыз алынган мөөнөткө 30%га чейин деп коюлат.«Кардар компаниянын ишенимине кирген сайын биз бул ченди азайтабыз», — деп билдирди ал.
Баары мыйзамдуу
«МедиаХабдын» журналисти менен маектешүү учурунда «Акчаматтын» директору компания «Жарандык кодекске» ылайык жарандарга лицензиясыз эле карызга акча бере аларын билдирди.
«Биз [бул ишмердүүлүк үчүн уруксат] алган эмеспиз. Анткени мунун зарылчылыгы жок. Биздин ЖЧК юстиция министрлигинде тиешелүү каттоодон өткөн […] Улуттук банк жана мамлекеттик каржылык көзөмөл органы лицензия алууга кайрылган уюмдарды гана көзөмөлдөөгө укукту. Алар бир уюмга лицензия бергенден кийин, лицензия берген уюмун көзөмөлдөөгө укуктуу […] Ал эми бизге окшогон уюмдарды көзөмөлдөөгө аракет кылуу, билим берүү министрлигинин алдындагы уюмдарга барып лицензия алууну талап кылган менен барабар» , — деди ал.
Лицензиясы жок иштегенге болбойт
«Акчаматтын» директорунун сөзүн тактоо үчүн «Клооптун» журналистти Улуттук банкка кайрылып, чынында эле компаниянын лицензиясыз иштеп жатканы мыйзамдуубу деген суроо берди.
Кыскача айтканда, 17-сентябрга чейин бул мыйзамдуу болгон. Бирок азыр мыйзамсыз. Азыр «Акчамат» лицензия менен иштеши керек. Эгер андай болбосо, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында «Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирди, ага ылайык, кесиптик иштин негизинде акча түрүндө карыз берүү менен байланышкан иш кредит берүү иши катары каралат.
Мындан ары мындай ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Улуттук банктан лицензиялык-уруксат документтерин алуу керек.
Улуттук банк болсо 2-ноябрда «Акчаматтын» иши дал ушул мыйзам менен караларын «Клоопко» билдирди. Ошондой эле, өзгөртүүлөр күчүнө киргенден бери компания лицензия алуу үчүн башкы финансылык регуляторго кайрылган эмес.
Улуттук банк лицензиясы жок иш алып барганы үчүн компания «Жоруктар жөнүндө», «Бузуулар жөнүндөгү» кодекстин негизинде жана Кылмыш кодексине ылайык жоопко тартыларын кошумчалады.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, «Акчамат» жана анын жетекчилиги айыпка жыгылып, ошондой эле айрым кызматтарды аркалоо же болбосо айрым ишмердик менен алектенүү укугунан ажыратылып, коомдук же түзөтүү иштерине тартылышы ыктымал.
«“Финтерминал” (Акчамат) ЖЧКнын учурдагы ишмердүүлүгү боюнча Улуттук банк укук коргоо органдарына кайрылуу жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүнү өтүндү», — деп билдирди Улуттук банк.
Тема боюнча окуңуз: Депутат Бекешев өкмөттөн «Акчаматтын» ишин «катуу көзөмөлдөөнү» талап кылды
Ишмердүүлүгүн токтотуу
Эгерде сизде дагы ушул суроо жаралса, анда ооба, компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган учур болгон. 2019-жылы «Акчамат» терминалдарынын иши жарандардын жеке маалыматтары үчүнчү тараптарга өтүп кетүү коркунучу болгону үчүн ишин токтоткон.
Анда башкы каржы тескөөчүсү укук коргоо органдарына кайрылып, «жарандардын жеке маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүү коркунучуна басым жасап» текшерүү жүргүзүүнү суранган.
Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Улуттук банктан компания 2019-жылы алгач тийиштүү уруксат документтери жок насыя берип жүргөнүн «Клоопко» билдирген.
«Ушуга байланыштуу “Финтерминал» ЖЧКсынын мурдагы директору Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан «Мыйзамсыз ишкердик же банк ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө» күнөөлүү деп табылып айып салынды. Андан тышкары, жарым жылга акча каражаттарын берүү тармагында иш алып баруу укугунан ажыратылды», — деп кошумчалашты Улуттук банктан.
«Акчаматтын» насыя алуучулары
«МедиаХабдын» журналисттери «Акчаматтан» насыя алып, кайтарып бере албай калгандар тайпаларга биригип, башынан өткөн окуялары менен социалдык тармактарда бөлүшүп жатканын белгилешти.
«Мыйзамдын логикасына ылайык, ким акчаны кайтарып бере албаса, ага насыя берилбеши керек. Берилген күндө деле, өз учурунда төгө албагандыктан ал карызга белчесинен батып калышы ыктымал. Ошондуктан, насыя жана зайым берген берген уюмдарга атайын эрежелер жана көрсөтмөлөр бекитилген. Бирок «Акчамат» алардын бирине дагы баш ийбейт. Надира, болсо карызын төлөө үчүн Орусияга [акча табууга]кеткени жатат» , — деп сөзүн жыйынтыктады журналист-иликтөөчү.