158 күн мурда уурдалган Орхан Инанды кыргызстандыктарга салам жолдоду

Сүрөт: Таалайкүл Токтакунова.

Орхан Инандынын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова фейсбуктагы барагына анын колу сынган сүрөтүн чыгарып, кыргызстандыктарга салам жолдогонун билдирди.

«Өзүнүн бардык окуучуларына, ата-энелерге, кесиптештерине, досторуна жана кыргызстандыктарга салам жолдоду!!! Көрөсүңөр, Куйдай буйруса бир жыл өтпөй кайтып келет», — деп жазды Токтакунова.

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 158 күн мурда, 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген. Инандынын адвокаты аны уурдоого шектеп жаткан жарандын видеосун бөлүшкөнүнө карабай ИИМ иш жүрүп жатат деп издөөнүн ар кайсы жердеги сүрөт жана видеолорун чыгарып туруп алган. Ал арада «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү жана тилектештери Түркиянын элчилигинин алдында митингге чыгышып, Инанды ал жерде кармалып жатат деп шекшип, элчиликти тинтүүнү талап кылышкан.

1 -июнда президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Кийин Жапаров Түркияга барып, президент Режеп Эрдоган менен жолуккан.

Түрк бийлиги мурда эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү жана Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерин жабууну талап кылып келген.

Укук коргоо органдары Орхан Инанды изделип жатат деп маалымат берип турган учурда Эрдоган маселеге чекит коюп, Инанды Түркияда экенин билдирген. Тагыраагы, 5-июлда түрк башчысы Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келгенин айткан. Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун* Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Кыймылдын ишмердиги билим берүү тармагында (140тан ашуун өлкөдө кыймылдын жактоочулары ачкан 1400гө чукул мектеп иштейт) жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүдө өзгөчө активдүү.

Ал эми 8-июлда Инандынын уурдалышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев үн катып, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн саясий уюмдары болбошу керек деп билдирген. Бул билдирүү менен ал ФЕТО тууралуу айткысы келген. Мындан сырткары атайын кызматтын башчысы «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсүнүн түрк жана кыргыз жарандыгы бар болгонун, бул үчүн ага кылмыш иши козголорун айткан.

Бирок Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова анын Түркияда алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

12-июлда Түркиянын соту Инандыны куралдуу террордук уюмду башкарган деген айып менен камакка алган. Бирок Инанды өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албай тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Анкара прокуратурасы Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин колонияга калтырууну сураган болчу.

Инандынын жубайы ал кыйноого кабылганын айткан. Жактоочусу да Инандынын колу сындырылып, бир айдан ашык кыйноого алынганын тастыктаган. Орхан Инанды өзү да сот отурумунда кыйноого кабылганын билдирген.