Президент УКМК жана ИИМге Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине Орхан Инандыны издөө боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, бүгүн, 1-июнда «Сапат» билим берүү мекемесинин кызматкерлери маалымат жыйын куруп, анда Инанды Бишкек шаарында эле кармалып турушу ыктымалдыгын билдирди.

Мекеменин жактоочусу Зоотбек Кудайбергенов Инандынын жоголушу кокустук эместигин, себеби, анын унаасынан баалуу буюмдар жоголбогонун белгиледи.

«Биздеги тастыкталбаган маалымат боюнча аны күч колдонуп, Бишкекте эле кармап турушат. Автоунаасы Октябрь районундагы бир кафенин жанында табылды. Анын ичинде баалуу буюмдар жоголгон эмес. Бул тартып алуу же тоноо үчүн жасалган иш эмес. Эгер тоноо болсо, баалуу буюмдар жоголмок эле», — деди ал.

«Сапат» билим берүү мекемесинин кызматкерлери маалымат жыйын курду. Сүрөт: АКИпресс

Кудайбергенов президенттин УКМК жана ИИМге Инандыны издөө боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырганына ыраазы экенин кошумчалады.

Орхан Инандынын жоголушу

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылууда.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев «Клоопко» Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматынын буйрутмасы менен уурдалды деген сөздөр болуп жатканын белгилеген.

Орхан Инанды Түркияда туулган. Ал Кыргызстанда жыйырмадан ашык «Сапат» билим берүүчү лицейлерин, «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхүллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген. Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

Түркиянын ФЕТО менен күрөшүүсү

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталган.

Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген кишилерди камакка алып, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айткан.

Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу Америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Унаасы калып, өзү жок». «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды изделүүдө

Эрдогандын Гүлен менен араздашуусу кантип Кыргызстанга кедергесин тийгизүүдө?

«Маариф» фондусу: Кыргызстан Эрдогандын билим берүү тармагындагы Гүленге каршы согуш талаасына айланды