Бишкек: Novotel’деги өрткө кабель күйүп кеткени себеп болгон

Бишкектеги Novotel мейманканасында өрттүн чыгуусуна фасаддын ичиндеги ваакумдук дренаж системасынын автоматтык жылытуу кабели күйүп кеткени себеп. Бул тууралуу Novotel Bishkek’тин ээси Жодар Сайдилкан фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, желдеп турган фасаддын арты эмне себептен күйүп кеткени азырынча белгисиз.

«Азырынча бизге белгисиз себептерден улам Европадан алынып келинген жогорку технологиялык чечим болгон вентиляцияланган фасаддын ичиндеги вакуумдук дренаждык системасынын түтүгүнүн, муз эритүү, жылытуу кабели күйүп кетти. Азыр өндүрүшчү менен биргеликте анын себебин тактап жатабыз. Биздин мейманкана NFPA (АКШнын Улуттук Өрткө каршы Ассоциациясы) тарабынан өрт коопсуздугунун эң жогорку талаптары менен тастыкталган Кыргызстандагы биринчи объектилердин бири», — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, имараттын өрткө каршы системасы жана фасаддын тышы жасалган материалдар өрттүн көбөйүп кетишине жол берген эмес.

«Азыр мейманкана штаттык режимде иштеп жатат, имараттын ичинде эч кандай зыян жок, бардык коноктор 30 мүнөттө бөлмөлөрүнө кайтышты. Зыянга учураган фасаддын 30 чарчы метри тез арада алмаштырылат» , — деп жазды ал.

Novotel’дин фасадында өрт 4-ноябрда чыккан. ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт тууралуу маалымат саат 15:43тө келип түшкөн, тилсиз жоо саат 16:47де өчүрүлгөн.