Бишкек: Novotel мейманканасындагы өрт чектөөгө алынды

Маалымат жаңыртылат.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиндеги Novotel мейманканасынын фасады өрттөнүп жатат. Бул тууралуу 4-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына таянсак, саат 15:43тө электрощит күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 16:12де чектөөгө алынды. 

Мекеме жеринде эки өрт өчүрүү бригада иштеп жатканын, өрттү чектөөгө алуу иштери уланып жатканын билдирди.