Ош мэриясынын расмий баракчасынан Сарыбашовдун үгүт видеосу бөлүшүлдү

Ош шаардык мэриясынын фейсбуктагы расмий баракчасы 5-ноябрда экс-мэр, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Таалайбек Сарыбашовдун үгүт видеосун «Ош Пресс Клуб» тайпасына бөлүштү.

Аталган видео өзү 260 миңден ашуун катталуучусу бар Tez Kabar news каналы жарыялаган. Анда Сарыбашовдун эл менен жолугуп өткөргөн үгүт иш-чарасы чагылдырылган.

Видеонун жарыяланышы боюнча мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Керимбек Калыкуловго байланышканыбызда ал мындан кабары жок экенин билдирди. Ошондой эле тасманы «мэриянын кызматкерлери жарыялаган эмес» деп ишендирди.

Калыкулов видеону басма сөз кызматтын мурдагы жетекчиси Азамат Абсаттаров же мурдагы кызматкери Замира Ниязбекова бөлүшкөн деп божомолдоду. Басма сөз катчы аталган кишилерден мэриянын баракчасына болгон жеткилик алынаарын айтып, кызматтык териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

*Азамат Абсаттаров Сарыбашовдун тушунда Оштун мэриясынын басма сөз кызматын жетектеп турган. Ал эми экс-мэр Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганда анын кеңешчиси болгон. Шайлоодо Абсаттаров Таалайбек Сарыбашовго иштеп жатат.

Абсаттаров «Клоопко» курган маегинде бүгүнкү күнгө чейин Оштун мэриясынын баракчасына жеткилиги бар болгонун ырастады. Ошондой эле ал үгүт материалды мэриянын баракчасынан «техникалык катадан бөлүшүп алган болушум мүмкүн» деп билдирди.

«Аны мэриядагылар бөлүшкөн жок, мага дагы эртең менен чалып айтышты. Жеке мен техникалык ката менен бөлүшүп алышым мүмкүн. Ачык айтканда эстей албай жатамын [...] Мэрия бөлүшкөнүнө ишенбеймин, анткени мен ал баракчаны иштетип жүргөнмүн убагында. Бирок ушул күнгө чейин админ болуп жүргөнүмдү билбептирмин», — деди Абсаттаров.

Ошондой эле Абсаттаров Ош мэриясынын басма сөз кызматында мурда иштеген Замира Ниязбекова менен да байланышканын, ал видеону бөлүшпөгөнүн айтты дейт.

Ал эми Ош АШКсынын төрагасы Бакыт Алматов «Клоопко» бул факты иликтөөгө жиберилгенин, ага ылайык тийиштүү кишилер жазаланаарын билдирди.

«Бул боюнча териштирүү жүргүзүлөт, эч кимди аяп отурбайбыз», — деп убадалады ал.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана Сарыбашов

Таалайбек Сарыбашов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын съездинде. Сүрөт: «Вечерний Бишкек» басылмасы

Таалайбек Сарыбашов парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №5 катар номурунда бара жатат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель жана июль айларында шаардык кеңешке өткөн шайлоолордо бир нече партиялар «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыпташкан. Анда ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашовдун да аты аталып, коомчулукта Сарыбашов «аталган партияны колдойт» деген кептер тараган.

«Ата-Журт Кыргызстандын» талапкерлеринин дээрлик жарымы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер болгон.

Июлдагы кайра шайлоо алдында болсо президент Садыр Жапаров Сарыбашов менен жолугуп, ага «админресурска жол бербөөнү» тапшырган.

Бирок Сарыбашов 11-июлда «эки шайлоодо тең админресурс колдонулбаганын» айтып, анын «Ата-Журт Кыргызстанга» «тиешеси бар» делген маалыматты «доомат» деп атаган. Ошондой эле «депутаттар колдоп берсе» кайрадан мэр болуу ниети бар экенин айткан болчу.

Анткен менен шайлоодон кийин Сарыбашов кызматынан алынып, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок он күндөн кийин өз каалоосу менен кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү деген кептер тараган. Анткени партияны анын айылдашы, мурдагы «Мекенчил» партиясынын мүчөсү — Айбек Маткеримов жетектейт.

Ошондой эле бул партия менен Ташиевдин уулу Тай-Мурас Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп, кийинчерээк мандатын тапшырган. Камчыбек Ташиев өзү партия ага таандык делген маалыматты четке каккан.