Сарыбашов Ош мэриясындагы басма сөз катчысын өзүнө кеңешчи кылып дайындады

Азамат Абсаттаров

Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абсаттаров кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин м.а. Сарыбашов кол койду.

Ош мэриясынын 4-августтагы маалыматына ылайык, Абсаттаров өз калоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Абсаттаров Ош шаарынын басма сөз кызматын Сарыбашов мэр болуп турган учурда башкарган. Ал бул кызматты 2018-жылдан бери аркалап келген. Ал эми Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп 2-августта дайындалган.