Борбордук шайлоо коммисиясы «Клооп Медиа» коомдук фондуна 28-ноябрда өткөрүлө турган парламенттик шайлоону байкоого уруксат берген жок. БШК аталган чечимди 2021-жылдын 5-ноябрында эле кабыл алган, бирок чечимдин каты «Клоопко» 8-ноябрда гана жеткирилген.
БШК өз чечимин Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга таянуу менен чыгарганын билдирүүдө.
Анда шайлоонун жүрүшүн байкоого, уставында бул тууралуу көрсөтүлгөн гана уюмдардын укуктары бар экени айтылган.
«“Клооп Медиа” коомдук фондунун уставында […] шайлоо мыйзамдары боюнча жана шайлоодо, ошондой эле адам укуктарын коргоо тармагында иш алып баруусу тууралуу көрсөтүлгөн эмес», — деп билдирет БШК.
«Клооптун» юристи Фатима Якупбаеванын айтымында, аталган норма үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында гана пайда болгон.
«Бул жобо,. [уставда көрсөтүлбөгөн учурда, шайлоого байкоо жүргүзүүгө тыюу салуу], БШКнын мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган […] Ошол эле учурда [шайлоо тууралуу] конституциялык мыйзамдын өзүндө мындай норма жок. Биз [“Клооп”] бир канча жолу шайлоого байкоочу болдук, эч кандай чектөөлөр болгон эмес», — деп айтып берди ал.
Якупбаеванын пикиринде, БШК кабыл алган жобо «Конституцияга каршы келет» жана «ооздуктоо аракети» деп бааланса болот.
«Мен муну ушундай тажрыйба деп эсептейм [...] билбейм, балким [“Клооптун”] сайтында БШКнын эки жүздүүлүгү тууралуу жарыяланган кайсы бир материалдар үчүн өч алуубу же башкабы. Баса, биз абдан көп доо арыз тапшырганбыз. Мындай кадамы менен балким өздөрүнүн жумушун азайткысы келип жаткандыр», — деди ал.
«Клооптун» байкоочулары жана шайлоодогу мыйзам бузуулар
Алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылуу үчүн «Клооп» өлкө боюнча 1 500 байкоочу жалдаганы жатат.
Бирок БШКнын чечими, эми «Клооптун» байкоочулары шайлоо участкасында эртеден кечке боло албайт дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле, байкоочулар УШК мүчөлөрү бюллетень санаганда жана протокол түзгөндө көзөмөл жүргүзө албайт.
2020-жылдын күз айларынан тарта «Клооп» төрт шайлоого жана эки референдумга байкоо жүргүздү. Апрелдеги шаардык кеңештин шайлоосунда биздин байкоочулар 800дөн ашык бузууну аныктап, юристтер шайлоо коммисияларына 192 арыз берген. Жалпысынан, «Клооптун» апрелдеги байкоо кампаниясы өлкөдөгү эң ири болгон, мисалы, Кыргызстан боюнча «Клооптун» атынан шайлоого 3 миң киши байкоо жүргүздү.
«Клооп» апрель айында БШКга келип түшкөн даттануулардын үчтөн бирин берген. Анда Боршайком 500дөн ашык арызды каттаган — ошондой эле коомдук уюмдардан, саясий партиялардан, депутаттыкка талапкерлерден жана жарандардан келип түшкөн.
Апрелдеги шайлоолордон кийин «Клооптун» дата-бөлүмү жергиликтүү кеңештерде жана Конституцияны өзгөртүү боюнча өткөн референдумдагы бардык участоктордо болгон бузууларга анализ жүргүзүп, бир катар материалдардын сериясын жарыялашкан.
Тема боюнча окуңуз: «Клооп» шайлоо жөнүндөгү маалыматтарды кантип талдады
Мисалы, журналисттер БШК үгүт учурундагы мыйзам бузууларга көп учурда тандалма мамиле кыларын аныкташкан — айрым майда бузууларга чара көрүп, олуттуу мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырат.
Мындан сырткары, «Клооптун» дата-бөлүмү, кээ бир участкалык коммисиялар шайлоо аяктагандан кийин протоколдорду кайрадан жазып чыкканын аныкташкан.