Автоматташтырылган урнанын дүмүрчөгү, жыйынтыктоочу протоколдор, шайлоо мыйзамынын бузулушу боюнча арыздар — мунун баары шайлоодон соң Боршайкомдун сайтына жарыяланат. Бирок бул маалыматтарды Кыргызстанда эч ким чындап изилдеген эмес. «Клооп» алгачкылардан болуп, 2021-жылдын апрелинде өткөн шайлоо боюнча БШКнын базасын изилдеп чыкты. Кандайча талданганын айтып беребиз.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Өлкө боюнча шайлоо участкаларында «Клооптун» үч миңге жакын байкоочусу иштеди. Алар 800дөн ашык мыйзам бузууларды каттаса, ал эми биздин юристтер шайлоо комиссияларынын үстүнөн 192 доо арыз жазышты.

Бардык арыздар Боршайкомдун сайтындагы атайын реестрге киргизилет. «Клооптун» даттануусунан тышкары, башка уюмдардан, партия менен жарандардан 480 доо арыз келип түшкөн. Карап чыккан соң шайлоо комиссиясы реестрге доо арызга карата жоопторду жайгаштырат.

Арыздардан тышкары БШКнын сайтына башка көптөгөн маалыматтар жарыяланат:

  • жыйынтыктоочу протокол — добуш берүүнүн жыйынтыгын тастыктоочу документ. Добуштарды кол санактан өткөн соң, шайлоо комиссиясы тарабынан толтурулат;
  • шайлоочуларды идентификациялоочу системанын дүмүрчөгү — алардын санына жараша тизмедеги шайлоочулардын канчасы добуш бергенин билүүгө болот;
  • автоматтыштырылган урнанын дүмүрчөгү — автоматташтырылган эсептөөчү урна Кыргызстанда 2015-жылдан тартып колдонула баштаган. Алар шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол бербейт, бирок өз алдынча автоматташтырылганын урнанын саноосу добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялоого негиз боло албайт.

Бул маалыматтар анализденген соң, негизги суроого жооп алабыз: шайлоо канчалык таза жана ачык-айкын өттү? Ошондой эле, бул маалыматтар күтүлбөгөн кубулуштар менен тенденцияларды аныктоого жардам берет. Бул документтер БШК эч убакта айтпай турган нерселерди айтып бере алат.

Кантип анализдедик?

Биз арыздардын реестириндеги бардык документтерди көчүрүп алып, добуш берүүнүн жыйынтыктоочу протоколун, шайлоочуларды идентификациялоо тутумунун, автоматтыштырылган эсептөөчү урнанын дүмүрчөктөрүн талдоого алдык. Анын негизинде бир нече маалымат базасын түздүк.

1. БШКга түшкөн арыздардын маалымат базасы

Бул базага арыздар менен мыйзам бузуулар реестириндеги бардык маалыматты чогулттук. Ар бир арыздын:

  • келип түшкөн датасын;
  • доо арыз менен ким кайрылганын: жарандар/уюмдар/саясий партиялар;
  • арыздын макамын: мыйзам бузуу жоюлду/арыз башка органга багытталды/арызды канааттандырылган жок/маалымат жок;
  • Доо арыз боюнча БШК/АШКнын чечими

Эгер, БШК же АШК арызды четке какса, чечимдин себебин өзүнчө тизмеге киргиздик: мыйзам бузуу табылган жок/арыздануунун мөөнөтү өтүп кетти/арыз артка чакыртылып алынган /далил жок.

БШК 11-апрелдеги арыздардын 60%ын кароодон баш тарткан.

2. Акыркы протоколдордун карама-каршылыктарынын базасы

Биз шайлоо күнү участкалардан байкоочулар жиберген протоколдорду жана БШКнын расмий сайтына жарыяланган протоколдордун көчүрмөлөрүн чогулттук. Аларды салыштырып, дал келбестиктерди аныктадык: протоколго киргизилген сандарда айырмачылыктар болду. Ушундай жол менен, биз анализдеген протоколдордун ар бир үчүнчүсү байкоочулар участкадан кеткен соң кайрадан жазылганын аныктадык.

3. Шайлоочулардын, референдумда добуш берүүдөн баш тарткандардын маалымат базасы

Биз БШКнын сайтына жарыяланган протоколдордогу маалыматты чогултуп, добуш берүү күнү идентификациядан өткөн шайлоочулар менен референдумга берилген бюллетендердин санынын айырмасын эсептедик. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган участкаларга өзүнчө көңүл бурдук. Айрым участкаларда референдумга катышкандардын саны идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан көп болгону белгилүү болду.

Биз эмнени таптык?

Өлкөнүн тарыхындагы шайлоолордун жыйынтыгын ийне-жибине чейин талдаган «Клооптун» материалдар топтомун окуңуз. Кээде зериктирип жибериши мүмкүн, бирок бул маалымат ар бирибиз үчүн өтө маанилүү.

Кандай кыйынчылыктарга дуушар болдук?

БШК ачык маалыматтарды жарыялабайт

Эң негизги көйгөйдүн бири — маалыматтын форматы. Бардык арыздар менен аларга берилген жооптор pdf форматта же jpeg сүрөт болуп жайгаштырылат. Натыйжада, текстти тез таанууга, көчүрүүгө же ачкыч сөздөр боюнча иреттөө мүмкүн эмес. Ар бир документти кол менен иштеп чыгууга туура келет.

Ошол эле учурда, документтин өзүнөн: алар Microsoft Word же Excel сыяктуу стандарттык редакторлордо түзүлгөнүн, бирок жарыяланганга чейин кандайдыр бир себептен башка форматка которулганы көрүнүп турат.

Ачык маалыматтарды жарыялоо — БШКнын милдети. Бирок машина окубаган форматта жарыяланган маалыматтар ачык деп эсептелбейт.

Экинчиси — арыздардын тили анализди кыйла татаалдаштырат

БШК колдонгон формалдуу, концелярдык тил боюнча өзүнчө сөз кылууга арзыйт. «Тапшырылган документтерди текшергенде, паспортто көрсөтүлгөн коттоосу менен жашаган жеринин фактысы аныкталды», — Борборшайкомдун кадыресе деп эсептелген чечиминен алынган сүйлөм.

Ушундай сүйлөмдөр менен жазылган түшүндүрмө менен эмнени айткысы келген — билүү үчүн бир нече саат кетчүдөй. Кээде БШК кандай чечим кабыл алганын түшүнүү үчүн ар бир сүйлөмдү талдап жаза баштадык.

Система жок, маалыматтын бир бөлүгү жазылган эмес

Мыйзам бузуулар боюнча даттануулар реестрге башаламан жана туш келди эле киргизилген. Аларды иретке келтирүү үчүн, биз бардык документтерди катталган мыйзам бузуулардын түрүнө, аймагына, БШК чыгарган чечимдин абалына жараша бөлүштүрдүк.

Айрым документтер сайтта такыр эле жок. Андай учурлардын жарымында реестрде доо арыз боюнча чечимдер гана болсо, документтин көчүрмөлөрү жок. Мыйзам бузуунун чоо-жайын БШКнын документинин аталышынан билүүгө туура келди. Бул иш — тирүүнүн тозогу, аткаминерлердин иш кагаздык, өзгөчө тилинн жакшы билет эмеспизби.

БШКнын доо арыздар боюнча чечиминин көчүрмөлөрү жокко эсе. Алардын ордуна башка эле документтердин көчүрмөлөрү тиркелген болуп чыгат — алардагы текстте белгилүү бир доо арыз, мыйзам бузуу же участка тууралуу бир дагы сөз жок .

Реестрге 60 чакты доо арыз расмий чечими жок жарыяланган. Башкача айтканда, БШКнын сайтына таянсак, комиссия аларды караган да эмес.

Көбүнчө БШКнын документтеринде чечимге мыйзам бузуунун сүрөт же видео далили тиркелгени көрсөтүлгөн. Бирок, иш жүзүндө андай эмес. Тигил же бул чечим максатка ылайык кабыл алынганын талдоо мүмкүн эмес.

Чечимдер толук эмес

Шайлоо күнү «Клооптун» байкоочулары өлкөнүн бардык жеринде иштеп, участкалардан көптөгөн бирдей мыйзам бузууларды катташкан. Алардын эң көбү — добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу менен автоматтыштырылган урналардын иштен чыгуусу.

Шайлоодон соң, биздин юристтер БШКнын ишин жеңилдетүү үчүн аймактарда болгон окшош мыйзам бузууларды бириктирип, участкаларды санап, андан соң доо арыз менен кайрылган.

Бирок БШК аларды тегиз караган эмес. Мисалы, биз X, Y, Z участкаларында добуш берүүнүн купуялуулу бузулганын көрсөткөнбүз. БШК өз чечиминде Х шайлоо участкасындагы мыйзам бузуу тастыкталбаганын, Y участкасына эскертүү берилгенин айтып, Z участкасын эскерип да койгон эмес.

Доо арыздардын бир бөлүгү көңүл сыртында калган

Бирок, кооптонуу жараткан негизги көйгөй: БШК ишти кароодо мыйзам бузуулардын натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган участкалар боюнча маалыматтарды этибарга албайт.

Элестетип көрөлү, участкалардын биринде добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду. Бейтааныш адам же комиссиянын мүчөсү урнанын же кабинанын жанында туруп, шайлоочу кимге добуш бергенин көрүп калды. Бул одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет жана шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло алат.

Ошентип, БШК шайлоо участкасындагы жыйынтыкты жокко чыгарат, ал эми ошол эле участкадагы башка мыйзам бузуулар боюнча арыздарды эске албайт. Кандай мыйзам бузуу болсо да — добуш сатып алуу, мыйзамсыз үгүт, кысым көрсөтүү же коркутуу — андан кийин Боршайкомду эч нерсе кызыктырбайт: арызга участкадагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин тиркеп, таштанды челегине ыргытат. Мыйзам бузууга бөгөт коюлбайт, күнөөлүүлөр жазаланбайт.

Авторлор: Гүлзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева

Айзирек Алмазбекова, Айгерим Казыбаева

Кыргызчалаган: Алина Касымалиева