Орусия: Полиция сабаган кыргызстандык кармоо учурунда каршылык кылбаганы айтылды

Орусияда полиция тарабынан сабалган кыргызстандык укук коргоо орган кызматкерлерине каршылык көрсөтпөгөнү айтылды. Бул тууралуу анын достору билдиришти. Алар кармоо учурун видеого тартып алышкан, ал эми тасманын өзү блогер Ринат Усупбаевдин барагында жарыяланган.

Эки баланын айтымында, алар Москвада 21 жаштагы досу кармалып жаткан учурда жанында болушкан. Окуя 2-ноябрда болгон.

Эскертүү! Бул видеодо зомбулук бар жана сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт.

«Полиция кызматкерлери биздин досубуздун унаасын жол чекесине токтотуп, документтерин сураган. Досубуз каршылык көрсөтпөстөн документтерин алып чыккан. Ошол жерден алар күчкө салып бөлүмгө баруусун талап кылышкан. Биздин досубуз, мекендешибиз, болгону жетекчисине чалып, унаасын берип жиберүүнү өтүнгөн, бирок алар ага көнбөстөн, ага убактыбыз жок деп, ур-тепкиге алып, сүйрөп алып кетишкен. Бөлүмгө алып барып, кайдагы бир түшүнүксүз документтерге мажбурлап кол койдуруп алышкан», — деп айтып беришти достору.

Алар Орусияда бул сыяктуу окуялар байма-бай болуп турарын, бирок элчиликтин кайдыгерлигинен улам ачыкка чыкпай калып жатканын кошумчалашкан.

Эмне болду эле?

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Москванын Хорошева районунда полиция кызматкерлери 21 жаштагы кыргызстандыкты күч колдонуп кармап кетишкен.

Кыргыз жигитин полиция кызматкерлери токмоктоп жаткан видео социалдык тармактарга тараган. Анда укук коргоо органдарына баш ийбеген жигитти бет талаштыра урганын көрүүгө болот.

Андан соң кыргызстандыкты жерге жыгып, колуна күчтөп кишен салып, кызматтык унаага чейин сүйрөп барышкан. Кадрдан асфальттын кан болгонун көрүүгө болот.

Эртеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги полиция тарабынан кыргызстандык жаранга карата «күч колдонулган» фактысы боюнча Орусиянын ТИМине нота жөнөткөн.

Элчилик ИИМге жана Тергөө комитетине да кайрылуу жолдогон.

«Окуяга объективдүү баа берип, ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу жана Орусия ИИМнин Москва шаарынын Хорошева райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берүү өтүнүчү айтылды», — деп билдиришкен дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Элчиликтин аракетине мигранттардын коргоочусу Валентина Чупик дагы өз оюн билдирген.

Буга чейин ал кыргыз элчилигинен өзү жардам берип жүргөн кыргызстандыктарга да, айрыкча полициянын кол салуусуна кабылган Махбурат Эмилбаеванын ишинде жардам көрсөтүүсүн суранган. Башында Эмилбаевага полиция кызматкерлери кол салып, андан кийин аларды сотко бергенден кийин полиция кызматкерлери аны иштеген жеринен уурдап кетишкен.

Тема боюнча окуңуз: ​​Полиция сабаган кыргызстандык боюнча Орусиянын ТИМине нота жөнөтүлдү

Кыргызстандын ТИМнин маалыматы боюнча, чет өлкөдө эмгек миграциясында 750 миң кыргызстандык жүрөт. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, алардын саны 1 миллиондон ашат. Алардын көпчүлүк бөлүгү Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт.