Полиция сабаган кыргызстандык боюнча Орусиянын ТИМине нота жөнөтүлдү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги полициянын кыргызстандыкка «күч колдонгону» боюнча РФнын ТИМине нота жөнөттү. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы 3-ноябрда билдирди.

Маалыматта окуя 2-ноябрь күнү Москванын Хорошева районунда болгону белгиленген. Анда 21 жаштагы Кыргызстандык жабыркаган.

Москвада полиция кызматкерлери тарабынан кыргызстандыктын сабалышы. Сүрөт: Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. 

Кыргыз жигитин полиция кызматкерлери токмоктоп жаткан видео социалдык тармактарга тараган. Анда укук коргоо органдарына баш ийбеген жигитти бет талаштыра урганын көрүүгө болот.

Андан соң кыргызстандыкты жерге жыгып, колуна күчтөп кишен салып, кызматтык унаага чейин сүйрөп барышкан. Кадрдан асфальттын кан болгонун көрүүгө болот.

Эскертүү! Бул видеодо зомбулук бар жана сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт.

Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМне нота жөнөтүүдөн тышкары, ИИМге жана Тергөө комитетине кайрылуу жолдоду.

«Окуяга объективдүү баа берип, ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу жана Орусия ИИМнин Москва шаарынын Хорошева райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берүү өтүнүчү айтылды», — деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Элчиликтен «Кыргызстандын жаранынын укуктары менен кызыкчылыгын коргоо үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер көрүлүпжатканын» белгилешти.

«Кыргызстандын элчилиги өз жаранын коргоого алууну чечти, акыры», — деп билдирди буга чейин мигранттардын укугун коргоп келген Валентина Чупик.

Чупик буга чейин өзү укуктук жардам көрсөтүп жүргөн кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстандын элчилигине бир канча ирет кайрылган. Анын ичинде полиция кызматкерлери кол салган Махбурат Эмилбекова тууралуу дагы айткан. Эмилбекова өзүнө кол салган полиция кызматкерлеринин үстүнөн сотко кайрылганда иштеген жерине барып кармап кетишкен.

Кыргызстандын ТИМнин маалыматы боюнча, чет өлкөдө эмгек миграциясында 750 миң кыргызстандык жүрөт. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, алардын саны 1 миллиондон ашат. Алардын көпчүлүк бөлүгү Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт.