Жалалдин Абдувалиев дуатлон боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалды багындырды

Спортчу Жалалдин Абдувалиев Испанияда көзү азиздер арасында дуатлон боюнча өткөрүлгөн Дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль жеңди. Бул жөнүндө аны коштоп барган Нуршат Абабакиров билдирди.

«Жалалдинди жеңишке карай жолунда коштоп баруу бактысы буюруптур. Экинчи орунда аз жерден белгиялык спортчуга алдырып коё жаздадык. Кыйын болду, бирок биз жеңишке жеттик. Алдыда жасай турган иштер көп», — деп жазды ал инстаграм барагына.

Чемпионат 6-7 ноябрда Испаниянын Авилес шаарында өттү. Мелдештин эрежеси боюнча, катышуучулар 5 км чуркап, 20 км велосипед менен жүрүп, кайра 2,5 км чуркашты.

Абдувалиев деген ким?

Жалалдин Абдувалиев — паратриатлет, триатлон боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана көзү азиздердин насаатчысы.

Абдувалиев тубаса катаракт дарты менен төрөлгөн. Бала чагында бир көзү эле көрчү. Ал эми 16 жашка толгондо эки көзү тең көрбөй калган. Анын айтымында, официант болуп иштеп жүргөн кезинде кафеге келген конок сабап кеткен.

«Ал мени жерге кулатып, дал ошол көргөн көзүмө тепкилеген. Ошондон кийин толугу менен караңгылык каптаган», — деп айтып берген ал.

Дагы окуңуз: Триатлон спорт түрүнүн балбаны Жалалдин Абдувалиев: Караңгыдагы күлүк