«Дордой Плазанын» жанында аялды сабаган кишиге иш козголду

Милиция «Дордой Плаза» соода борборунун жанында аялды сабаган кишиге карата «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады.

«Алар бир үй-бүлө экени аныкталды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Кеңири маалымат кийинчерек берилет», — деп билдиришти Свердлов РИИБнин басма сөз кызматынан.

Буга чейин ЖМКлар 8-ноябрда болжолдуу саат 13:50дө Бишкектин унаа токтотуучу жайларынын биринде эркек киши аялды ур-токмокко алганын билдиришкен.

«Бир маалда эле эркек киши жини менен аялды бир сүздү. Аял эмне болуп кеткенин түшүнгөн да жок, бир эки секундга туруп калды. Андан кийин качып жөнөгөн. Эркек киши артынан кууп, аялды муштуму менен башка соккулап жатты», — деп айтып берген күбө Kaktus.Media’га.

Тема боюнча:

«Таш-Рабат» соода борборунда аялга кол көтөргөн жаранга иш козголду